БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Россия өкмөттөрүнүн ортосунда миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн түзүү боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматовдун айтымында, келишимге ылайык, Кыргызстандын Миграция кызматы Россияда дипломатиялык статуска ээ болгон 9 өкүлчүлүк ачууну көздөсө, Россиянын Бишкек жана Ош шаарларындагы эки өкүлчүлүгү иштемекчи.
Эл өкүлдөрү Тышкы иштер министрлигинен бир гана Россияда эмес, чет өлкөлөрдүн баарында өкүлчүлүктөрдүн санын көбөйтүү керектигин кошумчалашкан.