Элчилик Россияда кармалган 30 кыргызстандык жаран боюнча түшүндүрмө берди

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРоссиянын миграция кызматкери. Архив
Россиянын миграция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчилик каттоодон өтүп жатканда ортомчулардын кызматын пайдаланбоону сунуштайт

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кечээ, 25-декабрь күнү, Москва шаарында 30 кыргызстандыктын Миграция кызматы тарабынан кармалышы боюнча Россиядагы Кыргызстандын элчилиги түшүндүрмө берди.

Эске салсак, шейшемби күнү аталган кызмат пландык текшерүү иштерин жүргүзүп, Кыргызстандын жарандарын кармаганын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышкан.

"Иштин чоо-жайын токтоо үчүн элчиликтин кызматкерлери ИИМдин мигранттар кармалган бөлүмүнө барышкан. Маалыматтар такталган соң алардын 19у бошотулду. Мыйзам бузган 11 жарандын тогузу айып төлөп кутулмай болду", — деп түшүндүрүштү элчиликтен.

Калган эки адам жасалма документ жана көп убакыт бою каттоосуз жүргөндүгү үчүн иши сотко өткөрүлгөнү айтылды.

Элчилик каттоодон өтүп жатканда ортомчулардын кызматын пайдаланбоону эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0