Кыргызстандыктар эми Сербияда 90 күнгө чейин жүрө алышат

© AP Photo / Darko VojinovicВид на город Белград
Вид на город Белград - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан Сербия менен бир нече тармакта кызматташууга ынтызар, анын ичинен айыл чарбасы, азык-түлүк жана туризм багыттары бар

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кыргызстан Сербия менен эки тараптуу визалардан баш тартуу боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстан Сербия менен эки тараптуу визалардан баш тартуу боюнча келишимге кол койду.
Кыргызстан Сербия менен эки тараптуу визалардан баш тартуу боюнча келишимге кол койду. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргызстан Сербия менен эки тараптуу визалардан баш тартуу боюнча келишимге кол койду.
© Фото / пресс-служба МИД КРТышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Сербияга расмий сапар менен барып, мамлекет башчысы менен жолукту.
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Сербияга расмий сапар менен барып, мамлекет башчысы менен жолукту. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Сербияга расмий сапар менен барып, мамлекет башчысы менен жолукту.
1/2
Кыргызстан Сербия менен эки тараптуу визалардан баш тартуу боюнча келишимге кол койду.
2/2
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Сербияга расмий сапар менен барып, мамлекет башчысы менен жолукту.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Сербияга расмий сапар менен барып, мамлекет башчысы менен жолукту.

Статуя Свободы в Нью-Йорке. - Sputnik Кыргызстан
Трамп грин-карт лотереясын токтотууга кам урду
Кол коюлган келишимге ылайык, кыргызстандыктар Сербияда 90 күнгө чейин жүрө алышат. Ушундай эле укук сербиялыктарга берилет. Эми документ ратификациядан өтүшү керек.

Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланган. Кыргызстан тарап эки мамлекеттин тышкы иштер министрлигинин өз ара кызматташуусу боюнча сунуш киргизген. Андан сырткары айыл чарбасы, азык-түлүк жана кайра иштетүүчү өнөр-жай жаатында биргелешип иш алып барган ишкана түзүүнү да айткан.

Ошондой эле туризм тармагындагы алака-катнашты өнүктүрүү жагы каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0