Кыргыздардын абалы боюнча Астанадагы диаспоранын өкүлү айтып берди

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАстана шаары. Архив
Астана шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шавкат Исмаилов 11-октябрь күнү эртең менен Астананын Миграция башкармалыгынын начальнигине кирген

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Астанадагы кыргыз мигранттарына байланыштуу кырдаал тынч эле. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына "Кыргызстан — Астана" коомдук этномаданий бирикмесинин төрагасы Шавкат Исмаилов билдирди.

10-октябрь күнү саат 18.00дө казак чек арачыларынын иштөө режими күчөтүлгөн. Эки саат өткөндөн кийин Кыргызстандын чек арачылары да президенттик шайлоого карата деп күчөтүлгөн тартипте иштей баштаган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Казак серепчиси: бийлик Атамбаевдин сөзүнө териккен жок деп ишенгим келет
Исмаиловдун айтымында, ал Кыргызстандын Астанадагы консулу менен биргеликте Астананын Ички иштер департаментинин Миграция башкармалыгынын начальниги Еркетай Туткушев менен жолуккан.

"Туткушев кызмат штаттык тартипте иштеп жатканын, эч кандай күчөтүлгөн режим жок экенин билдирди. Рейддер, документтерди текшерүү мурдагыдай эле тартипте жүрүп жатат. Астанада кыргызстандыктар иштеген бир нече базар бар. Аларга эч ким тоскоолдук көрсөтпөгөнүн айтып беришти. Абал тынч", — деди Исмаилов.

Ал ошондой эле Туткушев менен Whatsapp тиркемеси аркылуу Казакстандагы кыргызстандыктар катуу текшериле баштай турганы жөнүндө тараган кабарды дагы талкуулаган.

"Башкармалыктын жетекчиси ал кабар жөнүндө маалыматы бар экенин айтты. Учурда тиешелүү органдар ушак тараткан тарапты аныктоо үстүндө иштеп жатат", — деп кошумчалады Исмаилов.

Казакстанда кыргыздардын тогузэтно маданий бирикмеси бар. Астанада жекшемби сайын "Кут билим" мектеби иш алып барып келет. Анда кыргыз этносунун өкүлдөрү жана мигранттар эне тилин, тарыхын жана маданиятын үйрөнүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0