Кыргызстанга мигранттар которгон каражат быйыл 320 миллион долларга өстү

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүСША приостанавливают выдачу неиммиграционных виз в России
США приостанавливают выдачу неиммиграционных виз в России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мигранттардан келген каражат өлкөнүн ИДПсынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Чет өлкөдө иштеп жүргөн эмгек мигранттары ушул жылдын сегиз айында Кыргызстанга 1 миллиард 581,3 миллион доллар которгонун Улуттук банктан билдиришти.

Завод цветных металлов Красцветмет в Красноярске - Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн алтын запасы бир жыл ичинде 3 млрд. сомго көбөйдү
Ал эми өткөн жылдын январь-август айларында чет жердеги мекендештер 1 миллиард 260,6 миллион доллар жиберишкен. Быйыл болсо салыштырмалуу 320 миллион долларга көбүрөөк акча которулган.

Россиядан — 1 миллиард 552,2 миллион доллар (былтыркы жылдын ушул убагында — 1 миллиард 224,4 миллион), Казакстандан — 2,8 миллион доллар которулду. Калган акча алыскы чет өлкөлөрдөн кирген.

Ар кайсы маалыматтарга караганда, чет жактарда миллионго жакын кыргызстандык иштеп жүрөт. Алардын 80 пайызы Россияда.

Жаңылыктар түрмөгү
0