КР мигранттарынын кимге иштегени пайдалуу? Москвалыктаргабы же жердештергеби

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүPokeville cafe в Москве
Pokeville cafe в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвадагы кыргыз диаспорасы 2000-жылдардын ортосунан баштап кеңейип, бүгүнкү күндө Россия калаасында тездик менен өнүгүп жаткандардын катарына кирет

Акыркы убакта диаспорада өз кишилер үчүн жумушчу орун түзүү тенденциясы байкала баштады. Кыргызстандан баргандар Россияда иш ачып, мекендештерди жумуш менен камсыз кылууда. Кыргыз жетекчисинин орустарга караганда эмне артыкчылыгы бар экенин, кимдин бизнеси туруктуу боло турганын "Россия для всех" сайтынын кабарчысы Айгүл Ниязалиева иликтеп көргөн.

"Черкизондон" башталган…

Нургүл Каимова мигранттар үчүн кыймылсыз мүлк агенттигин негиздеген. Анын айтымында, 2000-жылдары Москвада өзү үчүн иштеген кыргыз жок болчу.

"Ал таптакыр башка мезгил болчу. Биздикилер базарда иштеп, убакыттын өтүшү менен ал жерден соода аянтын ижарага алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бирок кийин "Черкизон" жабылып калып, элдин баары "Садовод" базарына көчө баштады. Ал жерге отурукташуу оңой болгон жок. Ошондо айрым ишкерлер башка тармактарга баш бага баштады", — деди Каимова.

Өз сөзүндө Каимова бара-бара мекендештер кийим сатуу жана курулуш материалдарын жайылтууга өткөнүн айтып берди. Бүгүнкү күндө алар кафе, чач тарачтын ээси катары ошол эле кыргызстандыктарды жумуш менен камсыздоодо.

Байкем баарын түшүнөт…

Подмосковьеде суши-дүкөн ачкан Сардар Исмаилов кол алдында иштеген мекендештер "байке баарын түшүнөт" деген үмүт менен жумушка кечигип келүү, ачылып сүйлөшүү сыяктуу нерселерге барарын айтат.

"Жаман улут жок, жаман адамдар бар. Жашоодо начар кызматкерлер менен жетекчилер жакшысына караганда оголе көп. Бул коомдук тамактануучу жай болгондуктан иштегени МГУну бүткөндөр келбейт. Мында Баткен, Ош, Жалал-Абаддан келген карапайым кыргыз кыздар менен балдар", — деди Исмаилов.

Анын айтымында, жакшы жетекчи — алдабаган киши. Мекендешсиңби, жокпу, айырмасы болбойт. Исмаилов жергиликтүүлөр алдап кеткен миллиондогон окуяны билерин, бирок буга да өзүнүн көз карашы бар экенин белгиледи.

Курс валют. Доллары - Sputnik Кыргызстан
Мигранттардын Кыргызстанга жөнөткөн акчасы 300 млн. долларга көбөйдү
"Москвадагы белгилүү суши-түйүнүн алалы. Ага жубайлар ээлик кылат. Администрацияга россиялыктарды гана коюшат, ал эми ашпозчуларынын 100 пайызы кыргыздар. Көп учурда убадаланган каражаттан аз акча алышат. Бирок алардын ордуна келүүгө ондогон кыргыздар даяр турат! Аталган тармакта иштегендердин саны Кыргызстандагы бир райондун элине тете. Бул алдап кеткендерге байланыштуу айтылды. Ал эми кыргыз жетекчилери боюнча айтсам, ишкана ээси катары жаман адаттары жок, тазалыкты сактап, жан-дили менен иштеген мыкты ашпозчу болсо, жумушка кечикпесе, ичпесе, албетте, анын айлык акысын жогорулатууга даярмын. Эгер жалкоо болсо, андайлар жакшысына караганда көп эле кездешет, аны менен үйрөнчүк келишим түзөм, айлык албайт. Мындай кадам менен мен өзүмдү юридикалык жактан коргойм. Эгер кызматкер "акчаны убагында төлөйсүз, мен жакшы иштеп берем" деген принцип менен келсе, мен да ага бардык жактан колдоо көрсөтүүгө даярмын. Бирок биздикилер боз үйдөн чыга калып, атты минген боюнча 200 сомго көбүрөөк төлөйм деген кишинин артынан кетип калышат", — деди Исмаилов.

Ал ошондой эле кыргызстандык ашпозчулар жеңил ойлуу болгондуктан аларга ичи чыкпай тургандыгын белгиледи.

"Күтпөгөн жерден келип эле "мени үйгө чакырып жатат", "атам ооруп калыптыр", "мага калган мүлктү каттатышым керек" деген нерселерди айтышат. Эгер анын бир жылдан көп иштебейм деген ниети болсо каттоого албай эле койгон оң. Себеби каттаткандан үч ай өткөндөн кийин кетип калгандар болду. Негизи кызматкерлердин саны көбөйгөн сайын салыктар дагы өсөт. Анан мен аны кайра каттоодон чыгарышым керекпи? Ансыз деле иш көп. Өзгөчө кышында билеттин баасы 3000-5000 рубль болуп калганда иштен каалаган учурда чыгып, үйүнө кетип калгандар бар", — деди Исмаилов.

Ишкердин айтымында, жакшы жамаатты чогултуш үчүн кишилердин бири-бири менен жылдызы келишиши керек.

Реконструкция Центрального стадиона в Екатеринбурге к ЧМ-2018 - Sputnik Кыргызстан
Эксперт: Россиядагы мигранттар кайтып келсе, өлкө президенттери тынбай алмашмак
"Бул өтө оор. Бир жолу Ысык-Көлдөн команда чогулуп калды, айдоочу Жети-Өгүздөн, ашпозчу да ошол тараптан болсо керек эле. Экөө дүкөн иштетчү, бардыгы жакшы болуп жаткан. Бир күнү уруша кетип, экөө эки тарапка кетип калды. Ал эми кызматкерди каттоого алуудагы кыйынчылыктар боюнча өзүнчө кеп кылыш керек. Эгер текшерүү келип калса көп суммадагы акча менен бүтүрөсүң. Ортодогу мамилеге баа бере билген балдар бар, анткени алар мен жумуш берүүчү экенимди жакшы түшүнүшөт. Мен аларды үйүмө чакырып, кайта үйүнө жеткирип коё алам. Мага тааныштар "эмнеге булар менен мындай мамилеге барып жатасың" деп көп айтышат. Бирок ошол эле учурда жакшылык кылуу алсыздыктын белгиси эмес экендигин түшүнгөндөр да бар", — деди суши-дүкөндүн ээси.

Исмаиловдун айтымында, аны кол алдында иштеген кишилер менен акча гана байлап турат. Кызматкерлерге айлыгын өз убагында берүү менен аларды бир орунда кармап турууга болот.

"Бирок кир кийими же баш кийими жок кызматка чыкканы үчүн айлыгынан кырксаң "кыргыз кыргыздын айлыгын азайтып жатат" деп башташат. Кир кийими менен "Бургер-кингге" ишке чыккан кыргызды элестетиңиз, анан ал керек болсо сизге таарынып да коет. "Байке менин баш кийимим жок болгону менен тыкан иштейм" деп актангандар бар. Кечигип, уктап калгандарды айтпай эле коёюн. "Эми алар биздикилер да, түшүнүп кечирип коюшу керек" деген ой жашайт", — деп Исмаилов сөзүн жыйынтыктады.

Өзүбүздүкүн үйрөтүп, талаада таштабайбыз

Москвада кыргыз ашканасын ачкандардын бири, эстрада ырчысы Жылдыз Осмоналиева коомдук тамактануучу жайларда иштеп көтөрүлгөн учурларды жакшы билет. Ишкер айымдын айтымында, ар бир кыргыз үй-бүлөсүндө кожойке тамакты жакшы жасайт, андыктан айрымдардын пол жууп жүрүп, кийин башкы ашпозчуга чейин көтөрүлгөн учурлар кадимки көрүнүш.

"Мисалы, мага идиш-аяк жууганга бир аял келген. Кийин биз аны салат туурасын деп цехке алдык. Андан кийин ашпозчу болсун деп ашканага котордук. Мен ага болгону биздин кафенин стандарттары менен тамак даярдаганды үйрөттүм", — деди ал.

Өзүбүздүкүн өзүбүздүкүлөр эле талаага таштап кеткен учурлар болорун айткан Жылдыз айым кол алдындагылардын сабатсыздыгынан айрым иш берүүчүлөр пайдаланып кетерин кошумчалады.

Прибытие поезда Ташкент-Москва - Sputnik Кыргызстан
Россияда селсаяк болуп кеткен кыргызстандыктар. Кайырсыз сапар...
"Акыркы сегиз жылдан бери менин кафемде көп киши иштеди. Алардын көбү бул жакта жүрүп мекенге кетип кайра келгендер. Кавказ ашканасында иштеп жүрүп келгендер да болду. Кандай жумуш берүүчү жакшы — жергиликтүүбү же өзүбүздүкүбү? Жердеш рестораторлордон алар негизинен мекендештерди жумушка аларын, бул көп жагынан пайдалуу экенин уктум. Биринчиден, тил боюнча кыйынчылык жаралбайт, менталитети бирдей. Айтмакчы, мен алардын айлыгын кыркып жазалабайм, бардыгы батирде жашайт. Алар дагы жашаш керек да. Ата-энесине акча салып, алган насыяларын төлөйт. Мен аз болсо да биздин диаспорага барып турам. Биздин балдардын арасында өзү үчүн иштеп жаткандардын көбөйүп жатканына сүйүнөм. Бул албетте сонун, ошол эле учурда ар бир нерсенин жакшы жана жаман жагы бар. Ал улуттан көз каранды эмес", — деди Осмоналиева.

Өзүңдүкүлөр үчүн иштеген жаман эмес

Китептери Бишкекте популярдуу болгон жаш жазуучу Айсалкын Авкали учурда Москвада курулуш тармагында эмгектенет.

"Москвага барарым менен директорго кирдим. Аны менен Бишкекте жүргөндө эле тааныш болчумун. Мекендештерден ал тууралуу жалаң жакшы пикирлерди уктум. Москвадагы эң белгилүү кыргыздардын бири. Адамды эч качан алдап, жолго таштап кетпей турганын билгендиктен ага ойлонбостон барган болчумун. Өзүм да курулуш компаниясында иштөөгө кызыгып, кыялданып жүргөм. Кесибимди сүйөм, себеби кардарлар менен иштешүүдөн ырахат алам. Жетекчибиз болсо абдан жөнөкөй, эч качан эмоциясын байкатпаган киши. Ал каалаган нерсесин сатып кое алат. Кызыгы, сатылып жаткан нерсе ага эмес, кардардын өзүнө керек экендигин жеткире билет. Бул көп жылдар бою топтолгон тажрыйба, талант же эптүүлүк болушу мүмкүн. Жумушчуларды өзүнө багындырбастан, чыныгы команданы түзгөндү билет", — деди Авкали.

Жазуучунун айтымында, өз адамдарың менен болгон жакшы, бирок эгер ал АКШга же Европага кеткенде кыргыздар менен иштешүүдөн баш тартмак.

"Ал жакта менин тааныштарым жок. Ал эми жумуш берүүчү тууралуу маалыматтын болушу өтө маанилүү. Айлык ала албай калсаң же алдап кетишсе диаспоралар жардам берет деп уккам. Бирок ал үчүн акча төлөш керек экен", — деди ал.

Авкали кызмат көрсөтүү тармагында эмес, өз кесибиң менен Москвада иштесең өсүүгө болорун кошумчалады.

"Жакшы компанияга ишке орношуу менен ал жактан өсүү оңой иш эмес. Көпчүлүк тааныштарым кызмат көрсөтүү тармагында же соода-сатык менен алектенишет", — деди Авкали.

Молодой боец по джиу-джитсу Темур Айтназаров - Sputnik Кыргызстан
Мигрант кыргыздын чемпион уулу. 9 жашар балбан Россияда 27 медалга татыды
Россиянын ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча РФда 616 миң кыргызстандык бар.

Кыргыз эмгек миграциясын Россия үч толкунга бөлгөн: биринчиси — Олимпиада-80 оюндарына объектилерди курууга келип, калып калгандар, экинчиси — 2000-жылдын башында өлкөнүн түштүк аймагынын жашоочулары алгачкылардан болуп Россияга келе баштаган, үчүнчүсү — 2000-жылдын орто ченинде миграциянын күчөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0