06:48 25 Аяк оона 2017
Түз эфир
Доллар. Архивдик сурөт

Мигранттардын Кыргызстанга жөнөткөн акчасы 300 млн. долларга көбөйдү

© REUTERS / Dado Ruvic / Illustration / File Photo
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
123 0 0

Улуттук банктын билдирүүсүндө каражаттын басымдуу бөлүгү Россиядан келген

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Чет жакта иштеген эмгек мигранттары биринчи жарым жылдыкта Кыргызстанга 1 миллиард 319,2 миллион доллар жөнөткөн. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Былтыр бул көрсөткүч 1 миллиард 35,6 миллион доллардын чегинде болчу. Демек, каражаттын көлөмү 300 миллионго өскөн.

Маалыматка ылайык, Россиядан 1 миллиард 295 миллион доллар (былтыр ушул маалда — 1 миллиард), Казакстандан 2,4 миллион доллар келген. Калган акча алыскы чет өлкөдөн которулган.

Ар кыл маалымат боюнча чет жакта жарым миллиондон бир миллионго чейин кыргызстандык мигрант эмгектенип келет. Анын 80 пайыздан ашыгы Россияда.

Тема боюнча

Россиядагы мигранттардын ден соолугу камсыздандырылат
Белгилер:
Мигрант, Улуттук банк

ЭҢ МААНИЛҮҮ