01:03 23 Аяк оона 2017
Түз эфир
Оорукана кызматкери. Архив

Россиядагы мигранттардын ден соолугу камсыздандырылат

© Sputnik / Алексей Куденко
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
143 0 0

Россияда 2016-жылы Камсыздандыруу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилип, ага ылайык мигранттар жумушка орношордо камсыздандыруу полисин көрсөтүшү керектиги белгиленген.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Россияга иштөөгө кетип жаткан мигранттардын ден соолугун камсыздандыруу долбоору ишке ашканы жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине Миграция кызматынын маалымат катчысы Айсулуу Исабекова билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Бишкек шаарында КР Миграция кызматы, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жана Россиянын "Росгосстрах" мамлекеттик компаниясынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Алгачкы этабында мигранттарга медициналык камсыздандыруу полисин Кыргызстандын аймагындагы аэропорттордо жана темир жол бекеттеринде берүү пландалып жатат. Ал эми Россиядагы мекендештер документти "Росгосстрах" компаниясынын филиалдарынан алышмакчы.

"Мамлекеттик камсыздандыруу уюму даярдаган полистердин баасы 1,7 миң сомго бааланып, Россиянын аймагына киргенден баштап 90 күн бою жарактуу болот. Бирок бул маселе азыр талкуулоо стадиясында. Эки тарап бир пикирге келишип, келишимдерге кол коюлгандан кийин мигранттарга толук маалымат берилет", — деп билдирди Исабекова.

Белгилей кетсек, Россияда 2016-жылы Камсыздандыруу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилип, ага ылайык мигранттар жумушка орношордо камсыздандыруу полисин көрсөтүшү керектиги белгиленген.

Тема боюнча

Россиядагы кыргыздар өздөрүнүн социалдык тармагын ачышты
Белгилер:
ден соолук, камсыздандыруу, Мигрант, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ