Коркунуч дайыма бар. Япония, Түштүк Кореядагы кыргыздар азыркы абалын айтып беришти

© REUTERS / KyodoЗапуск ракеты Северной Кореи Hwasong-14
Запуск ракеты Северной Кореи Hwasong-14 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күн чыгышта жашаган кыргыздар Пхеньяндын ракеталары жараткан кооптуулуктун жергиликтүү элге берген таасирин айтып беришти

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Акыркы учурда Түндүк Кореянын учурган баллистикалык ракеталарынын фонундагы ири державалар тиреши дүйнө коомчулугунун көз кырында. АКШ, Түндүк Корея, Түштүк Корея жана Япония геосаясий айдыңында улам көп аталууда. Анткени менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын кайсы бир учурга чейин баллистикалык ракетаны токтотуп турууну жар салды. Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп бул чечимди кубаттаарын айтты.

Sputnik Кыргызстан Түштүк Корея менен Японияда жашаган кыргызстандыктардан кабар алып, ал жактагы жагдай туурасында мекендештердин пикирин укту. 

© AFP 2023 / Toshifumi KITAMURAЯпониянын Коргоо министрлиги Токио шаарында PAC-3 деп аталган ракетаны учурду. 2017-жыл, 4-июль
Безопасность в Токио - Sputnik Кыргызстан
Япониянын Коргоо министрлиги Токио шаарында PAC-3 деп аталган ракетаны учурду. 2017-жыл, 4-июль

Япондордо тынчсыздануу бар, бирок кооптуулук башка тарапта…

Япониянын Кагазава префектурасында жашаган мекендешибиз Авазбек Өмүрзаков жергиликтүү эл көбүрөөк тынчсызданып жаткандыгын айтты.

"Японияда жүргөн кыргыздар эч кандай деле коркунучту сезген жокпуз. Кооптуулуктан улам Кыргызстанга кетти дегендерди уга элекмин. Япондор менен аралашып чогуу иштейбиз да. Жөнөкөй эл коркуп, бир аз дүрбөлөңгө түшүп жатышат. Алар менен сүйлөшүп калганда ЖМКлар маалыматты аша чаап берүүдө деген пикирлерди угуп калып жатам. Түндүк Корея ракетасын учурган чакта деле өлкөнүн үстүнөн өтөт деп айтылууда. АКШ деле эскертүү берди го. Пхеньян анчалыкка барбайт деп ойлойбуз", — деди Өмүрзаков.

Севернокорейские солдаты во время парада в Пхеньяне - Sputnik Кыргызстан
Япония Түндүк Кореянын ракеталык соккусуна даярдык көрүп жатат
Токионун жанындагы Цукуба шаарында жашаган Айбек Байымбетов кооптуулукту ракетадан эмес, башкадан көрөөрүн айтат.

"Коркунуч дайыма бар, Түндүк Кореянын лидеринин башында эмне болуп жатканын ким билет. Деген менен бул конфликттик кырдаал көзөмөлдөнүп турат. Жок жерден эле ойноп ракета ыргытуунун максаты, албетте болот, бул саясаттын уландысы деп билем. Чынын айтсак, ракета түшкөнгө караганда, бизди жер титирөө көбүрөөк кооптондурат", — деди мекендешибиз. 

© REUTERS / Kim Hong-Ji Метродогу гуманитардык жүктөрдү сактоочу жай. Бул Сеулда чукул кырдаалдар жаралганда баш калкалоо үчүн колдонула турган атайын орун. Түштүк Корея, 2017-жыл, 11-август
Безопасность в Сеуле - Sputnik Кыргызстан
Метродогу гуманитардык жүктөрдү сактоочу жай. Бул Сеулда чукул кырдаалдар жаралганда баш калкалоо үчүн колдонула турган атайын орун. Түштүк Корея, 2017-жыл, 11-август

Кореялыктардын 33 пайызы согуш кооптуулугуна тынчсызданып…

Ал эми Түштүк Кореяда жашап жаткан кыргыздардын ичинен Түндүк Кореянын мындай кадамдарына көнүп деле калышкандыгын айткандар болду.

Сеул шаарында жашаган Нурсултан Алтыбаев эл ар кыл маанайда экендигин, согуш чыгып кетет деп санааркагандар бар экендигине токтолду.

"Учурда Түштүк Кореяда баары тынч жана жашоо өз нугу менен уланууда. Чет өлкөлүктөр үчүн азырынча эч кандай кооптонуу деле жок. Эгерде зарыл болсо элчилик тараптан эскертүүлөр келет эмеспи. Түндүк Кореянын мындай чагымчыл аракеттерине көнүп деле калбадыкпы. Буга чейин коркутуп-үркүтүү кореялыктар үчүн болсо, бул ирет Түндүк Корея менен АКШ ортосунда чыгууда. Жергиликтүү калк башында айткандай, бул чатакташууну мурдагыдан башкачараак кабыл алып жатат. Согуш чыгып кетиши мүмкүн экендигине ишенгендердин саны 33 пайызды түзөт. Ал эми калган пайызы өтө деле кооптуу деп эсептебейт. Анткен менен жергиликтүү эксперттер эгерде согуш чыгып кетсе Түштүк Корея гана запкы тартаарын, Корей жарым аралында кайрадан согуш болушуна жол бербөө керектигин айтып жатышат", — деди мекендешибиз Алтыбаев.

Кореянын Кимпо шаарында жашаган Азима Акун Түштүк Кореядан чукул кырдаалга даярданууну байкабагандыгын айтты.

Встреча президента РФ В. Путина и председателя КНР Си Цзиньпина в Москве - Sputnik Кыргызстан
Си Цзиньпин АКШ менен Түндүк Кореяны абалды курчутуудан алыс болууга чакырды
"Бул маселе көтөрүлгөн сайын дүйнө элине кооптуу кабылданып келет. Бирок Түштүк Кореянын калкында дүрбөлөң жок, эл кадимкидей эле күн кечирүүдө. Окуу борборлорунда деле чукул кырдаал болуп кетсе эмне кылуу керек дегендей даярдык тууралуу сөз болгон жок. Мен суроо салып калганда башкалар "Америка дагы, Түндүк Корея дагы жашагысы келет" деп кыскача жооп беришет. Бул кооптонуу жок дегендин белгиси. Менимче, саясий аналитиктердин пикирлерин окуп көрүү керек", — деди ал.

Ал арада Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Корей жарым аралында согуш болбойт, ал эми АКШнын аскер күчтөрү Түндүк Кореяга айбат көрсөтүп туруу үчүн керек деген билдирүүсүн таратты.

Жаңылыктар түрмөгү
0