Эмгек мигранттарынын пенсия маселеси эмдиги жылы чечилмей болду

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүКуруучу. Архив
Куруучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчылары Астана шаарында жолугушту

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. ЕАЭБге мүчө мамлекеттер арасында пенсия менен камсыз кылуу боюнча келишимге кийинки жылы кол коюлат. Бул тууралуу премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-августта, Астана шаарында өткөн ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан ЕАЭБ алкагында бирдиктүү энергетикалык рынок түзүү демилгесин колдойт.

"Мындан тышкары эмгек мигранттарын пенсия менен камсыздоо келишимин талкууладык. Анын басымдуу бөлүгү макулдашылды. Келишимдин ишке ашышы жарандарыбыздын ЕАЭБ айдыңында камкордукка алынганын айгинелейт. Ошондуктан биз документке тез арада, тагыраагы 2018-жылы кол коюлушун колдойбуз", — деди Жээнбеков.

Жыйындын соңу менен 13 документке кол коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0