Мигранттар которгон каражаттын көлөмү 244 миллион долларга өстү

© REUTERS / Nazanin Tabatabaee Yazdi / TIMAЖизнь в Тегеране
Жизнь в Тегеране - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мигранттар которгон акчанын көлөмү азайып кеткен. Быйыл мурдагы көрсөткүчтөргө кайта баштады.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында өз өлкөсүнө которгон каражат 1 миллиард 90,4 миллион долларды түзгөнүн Улуттук банктан билдиришти.

Былтыркы жылдын алты айлык көрсөткүчү 846 миллион долларды түзгөн. Демек анын көлөмү быйыл 244 миллион долларга өстү.

"Россиядагы мигранттар 1,07 миллиард доллар (былтыр ушул тапта— 820 миллион), Казакстандагы мигранттар 2 миллион которушту. Калган каражаттар алыскы чет өлкөлөрдөн келди", — деп айтылат билдирүүдө.

Ар кыл маалыматтар боюнча чет өлкөлөрдө жарым миллиондон бир миллионго чейин кыргызстандыктар иштеп жүрөт. Алардын 80 пайыздан ашыгы Россияда.

Жаңылыктар түрмөгү
0