Кыргызстанда чет элдиктер үчүн "электрондук виза" иштей баштайт

Жазылуу
Башка мамлекеттин жарандары виза алуу үчүн интернеттен документти толтуруп, керектүү файлдарды жиберип коюусу жетиштүү

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Электрондук виза" системасынын бет ачарын өткөрдү.

Ага чет мамлекеттердин элчиликтери менен консулдуктарынын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Бириккен Араб эмирлигинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Бириккен Араб эмирлиги виза маселесин жөнөкөйлөтөт
Консулдук кызмат департаментинин директору Эркин Асангуловдун айтымында, жаңы система аркылуу чет элдик жарандардын интернет аркылуу туристтик жана иш визаларын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Алар мурдагыдай Кыргызстандын элчиликтери менен консулдуктарына кайрылышпайт.

Электрондук система аркылуу виза алгысы келгендер Evisa.e-gov.kg сайтына кирип, тийиштүү документтерди толтуруп, тийиштүү файлдарды киргизүүсү жетиштүү.

Бардык төлөмдөр банктардын төлөө карталары аркылуу ишке ашат. Электрондук визаны алуу боюнча кайрылуу үч жумушчу күн ичинде каралат.

"Таза Коом" долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан жаңы система 1-сентябрдан тарта ишке кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0