Россиядагы кыргыздар өздөрүнүн социалдык тармагын ачышты

© AFP / LIONEL BONAVENTUREМобильная сеть в Париже
Мобильная сеть в Париже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет-сервис колдонуучуларга онлайн-режимде авиабилет, сувенирлерди сатуу жана башка кызматтарды сунуштайт

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Россияда жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктар өздөрүнүн "Мамалак" (www.mamalak.ru) деп аталган социалдык тармагын ачышты. Бул тууралуу "Россия для всех" маалымат сайты жазды.

Анын негиздөөсүчү Марсель Салахуновдун айтымында, бул кадимки эле социалдык тармак. Анда айылдык досторду издөө, посттор, лайктар, комментарийлер, сүрөттөр, видеолор, достук жана башка опциялар камтылган.

"Россиядагы кыргыздар дүйнөдөгү эң көп сандагы кыргыздар бирикмеси экени жашыруун эмес. Айрым маалыматтарга караганда, орус жергесинде 600 миң эмгек мигранттары жана 300 миң РФ жарандыгын алган кыргыздар бар. Бул Кыргызстандагы бир регионго бата турган эл", — деп жазган Салахунов.

Анын айтымында, бул долбоордун негиздөөчүлөрүнүн бири россиялык адам.

"Долбоордун негиздөөчүлөрүнүн бирине тармактын 10 пайызы тиешелүү. Ал Россиядагы ири холдингдердин биринин топ-менеджери", — деди Салахунов.

Аталаган интернет-сервис колдонуучуларга онлайн-режимде авиабилет, сувенирлерди сатуу жана башка кызматтарды сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0