ЕАЭБге кирген соң КР мигранттарынын абалы 10 позиция боюнча жакшырган

© Sputnik / Денис Гришкин / Медиабанкка өтүүМэр Москва С. Собянин принял участие в открытии здания миграционного центра
Мэр Москва С. Собянин принял участие в открытии здания миграционного центра - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-июлга карата алынган расмий маалымат боюнча чет жакта жүргөн эмгек мигранттарынын саны 710 миңди түзөт.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин эмгек мигранттарынын абалы 10 позиция боюнча жакшырган. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 1-июлга карата алынган расмий маалымат боюнча чет жакта жүргөн эмгек мигранттарынын саны 710 миңди түзсө, анын 616 миңи Россияда. Ал эми Казакстанда 33 миң, Түштүк Кореяда 14 миң кыргызстандык жүрөт. Ошондой эле Европа менен АКШда окуп, иштеп жүргөн мекендештер да бар.

"Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин биздин жарандар уюмга мүчө мамлекеттердин ичинде каттоосу жок 30 күнгө чейин жүрө алышат. Ошондой эле жумушка орношуудагы шарттар жакшырды. Эми ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде иштеп жүргөн КР жарандары социалдык жана медициналык камсыздандыруудан пайдалана алышат", — деди Айдаралиев.

Ал ошондой эле ЕАЭБдин алкагында Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын дипломдору тааныла баштаганын белгиледи. Андан сырткары, Россияда орус тилинен экзамен тапшыруу муктаждыгы алып салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0