КРдин Красноярск шаарындагы консулу убактылуу камалган мигранттардан кабар алды

© AFP / NOEL CELISКишен салынган айыптануучулар. Архив
Кишен салынган айыптануучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Консулдун жардамы менен төрт жаран мекенине кайтарылмай болду

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Красноярск шаарындагы консулу Бекжан Дүйшалиев Иркутск облусуна караштуу Ангарск шаарындагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайдан кабар алды. Бул тууралуу элчиликтен билдирди.

Маалыматка ылайык, консул аталган жайда кармалып жаткан кыргыз жарандары менен жолугуп, арыз-муңун уккан.

"Консул аталган жайда кармалып жаткан кыргызстандык 17 жаран менен жолугуп, ал абалынан кабар алды. Андан соң консулдун өтүнүчү менен төрт жаранды мекенине кайтаруу үчүн документтер толтурулган", — деп жазылат маалыматта.

Жакынкы күндөрү документтери толтурулган кыргыз жарандары мекенине кайтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0