Эми КР жарандары Казакстанда 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы Ак-Жол өткөрүү пункту.
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы Ак-Жол өткөрүү пункту. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурда кыргызстандыктар 5 күн ичинде каттоого турушу керек болчу

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Эми Кыргызстандын жарандары Казакстанда 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"15-июлдан тартып Кыргызстандын жарандары Казакстандын аймагында 30 календарлык күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат. Мурда кыргызстандыктар 5 күн ичинде каттоого турушу керек болчу", — деди ал.

Убактылуу жүрүү мөөнөтү жарандын Кыргызстандан Казакстанга барган күнүнөн баштап, миграциялык картасы же болбосо Казакстандын аймагына кирип жатканда чек ара көзөмөлү койгон белги боюнча эсептелинет.

"Кыргызстандын жараны Казакстандын аймагында 30 календарлык күндөн ашык жүргөн учурда Казакстандын ИИМинде (барган жери боюнча каттоого туруу) каттоого туруусу зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, Кыргызстандын жарандары Казакстандын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып 90 календарлык күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде каттоого туруусу зарыл жана ушунча мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

Ушундай эле эрежелер Кыргызстанга кыска мөөнөткө келүүгө ниеттенген Казакстандын жарандарына карата да колдонуларын ТИМден кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0