Федералдык кеңеш КР жарандарынын айдоочулук күбөлүгүнө уруксат берүүгө даяр

© Sputnik / Табылды КадырбековМигранты из КР рискуют остаться без работы в РФ из-за водительских прав
Мигранты из КР рискуют остаться без работы в РФ из-за водительских прав - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктарга Россияда улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө уруксат берүү каралууда

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Россиянын федералдык кеңеши кыргызстандын жарандарын РФте улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө уруксат берүүнү колдойт. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Федералдык кеңештин төрайымы Валентина Матвиенкого таянуу менен жазып чыкты.

Москва шаарындагы жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда айдоочулук күбөлүк алуу машакаты, жумушсуз калган мигранттар
Белгилей кетсек, 1-июндан тарта Россияда чет элдик айдоочулук күбөлүгү менен транспорт айдоого тыюу салынган. Кыргызстан аталган маселе боюнча Евразиялык экономикалык комиссияга ЕАЭБдин мүчөсү катары кайрылган.

Ушундан кийин Мамдуманын КМШ иштери боюнча комитети Владимир Путинге кайрылып, КР жарандарына өздөрүнүн улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө уруксат берүү маселесин карап чыгууну суранышкан. Алар ошондой эле Кыргызстанда орус тилинин расмий статусу бар экенин жүйө келтиришкен.

"Суроо туура коюлган. Себеби, орус тили Кыргызстанда расмий статуска ээ. Андыктан Кыргызстандагы айдоочулук күбөлүктөр орусча толтурулат жана кыргызстандыктар орус тилин жакшы билерин эске алышыбыз керек", — деген пикирин Матвиенко журналисттерге билдирген.

Ал Путин менен Федералдык кеңеш Мамдуманын КМШ иштери боюнча комитетинин чечимин колдойт деп ишенерин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0