АКШдагы СССРден чыккан "банда" боюнча ТИМ үн катты

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүНью-Йорк шаары. Архив
Нью-Йорк шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандардын арасында кыргызча фамилиялар болушу арбын суроолорду жараткан.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Нью-Йорк шаарында кармалган СССРдин курамындагы өлкөлөрдөн чыккан кылмыштуу топтун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Интерпол тарабынан изделген Кыргызстандын "абройлуу" кылмышкерлери
Буга чейин россиялык "мыйзамдагы ууру" Ражден Шулая  башкарган 33 адамдан турган мафиялык топ Брайтон-Бичтен Лас-Вегаска чейин "ээлик" кылып, пара берүү, кумар оюндары жана адам өлтүрүү менен алектенишкен деп кармалган. Алардын арасындагы 28 жаштагы Тимур Сүйүнов жана Бакай Марат уулу аттуу фамилиялар болгон. 

"Кыргызстандын АКШдагы элчилиги кармалгандардын арасында Кыргызстандык жарандардын бар, жогун аныктоо үчүн кайрылуу жасаган. Кайрылууга топтун арасында кыргызстындыктар жок деген жооп келген", — деп жазылат маалыматта.

ТИМ кармалгандар АКШ жана Канададагы элчиликтерде каттоодо турбагандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0