Россиянын төрт шаарына кирүү татаалдады. КР жарандары үчүн "түз байланыш" иштөөдө

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүТверскую улицу открыли после благоустройства
Тверскую улицу открыли после благоустройства - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчилик мекендештерди футболдук мелдештер өтө турган калааларга барбай турууга чакырат.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстандын жарандары үчүн Россиянын бир катар шаарларында каттоого туруу боюнча "түз байланыш" иштей баштаганын аталган өлкөдөгү элчилик билдирди.

Нью-Йорк накануне выборов президента США - Sputnik Кыргызстан
АКШ виза берүү эрежесин катаалдантты, бул КР жарандарына да тиешелүү
Буга чейин РФ президенти Владимир Путин футбол боюнча конфедерациялар кубогу өтө турган (1-июнь — 12 июль) Москва, Казань, Санкт-Петербург жана Сочи шаарларына барууга камынган чет элдик жарандардын бир күн ичинде каттоого турушун шарттаган жарлыкка кол койгон.

Элчилик Россия тараптан азырынча Кыргызстандын жарандары үчүн каттоо ыраатын өзгөртүү боюнча кандайдыр бир расмий маалымат келе электигин белгилеп, ага карабастан өкүлчүлүк аталган маселе жаатында консультацияларды жүргүзүп жатканына токтолду.

Дипөкүлчүлүк кыргызстандыктарды аталган шаарга жеке сапар менен баруудан баш тартууга, эгер бара турган болсо тиешелүү процедуралардан өз маалында өтүүгө чакырат.

"Түз байланыштын" номерлери:

  • Москва (КР элчилиги) — +7 (925) 864-49-60, +7 (925) 864-51-25; КР Миграция кызматынын өкүлчүлүгү — +7 (925) 291-72-72, +7 (495) 780-74-10; КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү — +7 (929) 657-19-97;
  • Санкт-Петербург (элчиликтин канцеляриясы) — +7 (900) 634-90-95;
  • Казань (КР Миграция кызматынын өкүлчүлүгү) — +7 (965) 594-60-23;
  • Сочи (КРдин Краснодар крайындагы ардактуу консулдугу) — +7 (988) 245-43-02.

Элчилик россиялык тарап Кыргызстандын тынчсыздануусун туура кабыл алып, жакын арада маселе РФ ИИМи менен биргеликте чечилерин убадалады деп түшүндүрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0