17:03 28 Теке 2017
Түз эфир
Бүгүн Москва шаарында өткөн Өлбөс полк жүрүшүнө ак калпак кийген кыргызстандыктар дагы катышты

Ак калпакчан кыргызстандыктар Москвадагы "Өлбөс полк" жүрүшүнө катышты

© Фото / общественная организация "Кыргыз биримдиги"
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
Улуу Жеңишке 72 жыл (28)
362 0 0

Москвадагы "Өлбөс полк" жүрүшүнө кыргызстандыктардын кошулганы жергиликтүү ЖМКларды көңүл кош калтырган жок.

БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Бүгүн Москва шаарында өткөн "Өлбөс полк" жүрүшүнө ак калпак кийген кыргызстандыктар дагы катышкандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына "Кыргыз биримдиги" коомдук уюмунун вице-президенти Улан Кошматов билдирди. 

  • Бүгүн Москва шаарында өткөн Өлбөс полк жүрүшүнө ак калпак кийген кыргызстандыктар дагы катышты
    Бүгүн Москва шаарында өткөн "Өлбөс полк" жүрүшүнө ак калпак кийген кыргызстандыктар дагы катышты
    © Фото / общественная организация "Кыргыз биримдиги"
  • Өлбөс полк жүрүшүнө катыша турган мекендештер Москва убактысы боюнча саат 14.00дө Белорусский метро станцияларынын жанына чогулушкан
    "Өлбөс полк" жүрүшүнө катыша турган мекендештер Москва убактысы боюнча саат 14.00дө Белорусский метро станцияларынын жанына чогулушкан
    © Фото / общественная организация "Кыргыз биримдиги"
  • Расмий түрдө Өлбөс полк Кыргызстан деп аталган биздин коллонага 200 адам кошулмак. Бирок мекендештердин саны андан ашып кетти.
    Расмий түрдө "Өлбөс полк "Кыргызстан" деп аталган биздин коллонага 200 адам кошулмак. Бирок мекендештердин саны андан ашып кетти.
    © Фото / общественная организация "Кыргыз биримдиги"
1 / 3
© Фото / общественная организация "Кыргыз биримдиги"
Бүгүн Москва шаарында өткөн "Өлбөс полк" жүрүшүнө ак калпак кийген кыргызстандыктар дагы катышты

Анын айтымында, "Өлбөс полк" жүрүшүнө катыша турган мекендештер Москва убактысы боюнча саат 14.00дө Белорусский метро станцияларынын жанына чогулушкан. 

"Расмий түрдө "Өлбөс полк "Кыргызстан" деп аталган биздин коллонага 200 адам кошулмак. Бирок мекендештердин саны андан ашып кетти. Бара турган жерибиз Кызыл аянт болчу. Ал жактан баарыбыз эстеликке сүрөткө түшүп, үйлөрүбүзгө шаңдуу тарап кеттик", — деди Кошматов. 

Ал ошондой эле жүрүшкө кыргызстандыктардын кошулганы жергиликтүү ЖМКларды көңүл кош калтырбаганын кошумчалады. 

Тема:
Улуу Жеңишке 72 жыл (28)

Тема боюнча

Бишкектеги майрамдык фейерверктин асмандан көрүнүшү
Улуу Жеңиш майрамына чакыруу албай томсоргон Күкү эне
Чоң эне жана селфи. "Өлбөс полк" акциясы учурундагы мыкты көз ирмемдер
Белгилер:
кыргызстандыктар, "Өлбөс полк" акциясы, Улуу Ата Мекендик согуш, Москва

ЭҢ МААНИЛҮҮ