Россияда селсаяк болуп кеткен кыргызстандыктар. Кайырсыз сапар...

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүПрибытие поезда Ташкент-Москва
Прибытие поезда Ташкент-Москва - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр Кыргызстандын Россиядагы элчилиги ал жакта эмгектенип дайынсыз жоголгон 15 кыргызстандыктын жүргөн жерин аныктаган.

Бала көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ымыркайы менен вагондо жашаган келин Москвадан Кыргызстанга келе албай жатат
Жарандардын жакындары менен байланыша албай калгандыгына түрдүү жагдайлар себеп болгон. Sputnik Кыргызстан мекендештерибиздин Россияда иштеп жүрүп, көчөдө кайыр сурап же селсаяк болуп калуусунун себептерин издеп көрдү.

Төрт миңдей кыргызстандык эмгектенген Тюмень шаарында жыл башында үйдүн чатырында күн кечирип жүргөн төрт кыргызстандык аныкталган. Бул тууралуу аталган шаардагы "Биримдик" диаспорасынын төрайымы Канзада Сманова айтып берди. Бул окуя алардын бири суукта каза болгондон кийин гана белгилүү болгон. Кырк жаштан өтүп калган кыргызстандык жарандар ичкиликке берилип кетип, аракка акча керек болгондо жалданып иштеп коюшчу.

Сманова аталган диаспорага күнүнө жок дегенде кыйын кырдаалга кабылган 2-3 мигрант кайрыларын айтып берди.

"Жакында күйөөсү депортацияланып төрт баласы менен көчөдө калган аял келди. Жыл башында бир селсаяк тоңуп өлүп калып, аны менен бирге үч кыргызстандык арак ичип үйдүн чатырында күн кечирип жүргөнү аныкталган. Аларды ошол каза болгон адамдын сөөгү менен чогуу Кыргызстанга кетиргенбиз", — деди Сманова.

Андан сырткары, Сманова иштегени келген айрым кыргызстандык жарандар айлык маянасын ала албай, документтерин жоготуп автобекетте калган окуялар көп кездешип жатканын кошумчалады.

Ал эми Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 2016-жылы аэропорт, оорукана, ишканаларда жана түрмөдө жардамга муктаж болуп калган 250дөн ашуун мекендешке ар кандай мүнөздөгү жардам көрсөткөн. Москвада эле жыл башынан бери жашаганга жери жок көчөдө калган бир нече факты аныкталган. Элчиликтин маалымат кызматынын өкүлү Гүлбарчын Байымбетова 2017-жылдын башынан бери жашаганга үйү жок калган эки кишинин окуясын айтып берди.

Кезекте турган мигранттар, архив - Sputnik Кыргызстан
Кезек күткөн мигранттар, жетишпеген консулдар…
"Жыл башынан бери эки гана учур катталган. Биринчисинде жаш келин жумушсуз, үй-жайсыз кичинекей баласы менен көчөдө калган. Элчилик, диаспора жана мекендештер акча чогултуп Кыргызстанга жөнөткөнбүз. Экинчи учурда дагы бир аял айлыгын ала албай, документтери жок көчөдө калган. Ага тиешелүү кагаздарды даярдап берип, мекенине кетиргенбиз", — деди Байымбетова.

Андан сырткары, ал жардамга муктаж болуп орто жолдо алгандардын басымдуу бөлүгү кыздар менен келиндер экендигин баса белгиледи.

Мекендештердин көйгөйү менен түзмө-түз иштеп, аларга жардам көргөзгөн "Москва шаары жана Москва облусундагы кыргызстандыктардын биримдиги" коомунун төрагасы Эгемберди Мырзабеков мындай терс көрүнүштөр көп болуп жатканына токтолду.

"Москвада кыргызстандык мигранттардын саны арбын, ошо менен биргеликте селсаяк болуп кеткендер дагы көп. Азыр дагы жаз келип, күн жылып калды. Кышында көчөдө тоңуп каза тапкандар болду. Аларды кийин туугандары моргдон алып кетишкен. Андан сырткары, жергиликтүү селсаяктарга кошулуп, тилемчилик кылганга чейин жетип кеткендер да кездешет. Кыйын кырдаалга кабылган мекендештерге кыргыздар акча чогултуп, жатакана таап бергенге аракет кылабыз", — деди Мырзабеков.

Ал кыргызстандыктардын мындай жагдайга кабылышына түрдүү себептер бар экендигин кошумчалады. Бирок эң негизгиси — жарандардын караңгылыгы жана аракка берилип кеткендиги.

Ал эми Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү Аскат Алиев селсаяктардын саны көбөйүп жатат деген пикирге кошулбай турганын жана жыл башынан бери мындай кырдаалга туш болгон эки гана жаран аныкталганын белгиледи.

Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигранттар өлүмү: жумушсуздукту жоюу боюнча депутаттардын убадасы
"Эгер кыйын кырдаалга кабылган кыргызстандыктар билинсе, жарандар аларды элчилик, диаспораларга алып келишет. Анан жаштар бул жактагы мекемелер менен биргеликте акча чогултуп, Кыргызстанга салып жиберет. Андан сырткары, селсаяк болуп көчөлөп калган кишини жергиликтүү полиция кызматкерлери кармап, депортация кылат. Мындай абалга жетип калгандардын басымдуу бөлүгү ичкиликке берилип кеткендер. Себеби ичип алып документтерин жоготуп, ар кандай окуяларга кабылат. Ичпегендер анчалыкка барбайт. Селсаяк болуп кеткен кыргызстандык мигранттар көбөйүп кетти дегенге кошулбайм. Анткени жыл башынан бери эки жаран гана аныкталды", — деди Алиев.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 2016-жылы дайынсыз жоголду делгендердин ичинен 15 кыргызстандыктын жүргөн жерин аныктаган. Ошондой эле мигранттардын маселелерине байланыштуу Россиянын тиешелүү мекемелерине 300дөн ашык кайрылуу жасалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0