Россияда миграциялык мыйзамды бузган 50 кыргызстандык кармалды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүРейд УФМС по выявлению нелегальных мигрантов
Рейд УФМС по выявлению нелегальных мигрантов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчиликтин аракеттеринин негизинде тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлүп кармалгандардын 40кы коё берилген.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстандын 50 жараны Россиянын миграциялык мыйзамын бузгандыгы үчүн  кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандары Россиянын укук коргоо органдары тарабынан кармалган.

"12-апрелде Кыргызстандын кармалган 50 жаранынын укугун коргоо үчүн элчиликтин кызматкерлери алар турган жерге барган. Элчиликтин аракеттеринин негизинде тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлүп кармалгандардын 40кы коё берилген. Ал эми калган 10 жаран боюнча соттун чечими 48 сааттын ичинде кабыл алынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын элчилиги бул окуяны тыкыр көзөмөлдөп турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0