Иманалиев: мигранттар паспортто улуттун көрсөтүлүшү боюнча маселени козгошууда

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыз Республикасынын жаранынын паспорту. Архив
Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутататтын айтымында, бул маселе Санкт-Петербургдагы терактыдан улам жаралган.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Паспорттогу кыргыз улуту деген жерди жасалмалап өчүрүп салууга болбойт. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иаманилев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

© Фото / пресс-служба ЖК КРДепутат Каныбек Иманалиев
Депутат Каныбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Депутат Каныбек Иманалиев

Анын айтымында, маселе Санкт-Петербургдагы терактыдан улам пайда болгон. Анткени кылмышка шектүү катары Кыргызстанда төрөлгөн өзбек улутундагы жаран аталган.

"Мигранттарыбыз паспорттогу улутту көрсөтүү керектигин кайра козгоп чыгышты. Андагы кыргыз улуту деген жерди жасалмалуу түрдө өчүрүп салууга болбойт", — деди депутат.

Эске сала кетсек, Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы биометрикалык паспорттордо улуту тууралуу маалымат анын өзүндө эмес, атайын чипте сакталарын айтып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0