Кыргызстандан кеткиси келгендердин арасында капчыгы калыңдар көп

© Sputnik / Табылды КадырбековАэрпорттогу жүргүнчүлөр. Архив
Аэрпорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдөн кетүүнү каалагандардын көбү Россияны тандайт. Бирок орто чарбалардын арасында Кыргызстандан кеткиси келгендер аз.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бай адамдардын 20 пайызы чет өлкөгө акча табуу үчүн кетүүнү каалай турганын БУУнун элди жайгаштыруу фондунун жергиликтүү өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын көп балалуу аймактары. Рейтинг
Маалыматка караганда, бардар турмушта жашаган сегиз адамдын бирөө Кыргызстандан кетүүнү каалай турганы сурамжылоодон улам белгилүү болгон. Алардын 59 пайызы Россияга, 11 пайызы Казакстанга кетүүнү көздөйт.

Ал эми жакырчылыкта жашаган 13 кишинин бири гана кеткиси келет. Булардын 78 пайызы Россияга, сегиз пайызы Казакстанга барууну туура көрөт.

Жалпысынан ар бир онунчу кыргызстандык өлкөдөн кеткиси келери аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0