Быйыл Россиянын "кара тизмесинен" 43 миң кыргызстандыктын чыгары күтүлүүдө

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүОчереди мигрантов у отделения УФМС по Москве
Очереди мигрантов у отделения УФМС по Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери 4 миң кыргызстандык Россиянын "кара тизмесинен" чыгып, дагы 43 миң жаран өз кезегин күтүүдө.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Быйылкы жылдын аягына чейин 43 миң кыргызстандыкты Россиянын "кара тизмесинен" чыгаруу пландалып жатканын Мамлекеттик миграция кызматынын Эмгек жана миграция бөлүмүнүн башчысы Каныбек Сартбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 43 миң кишинин жарымы — Россия тараптан чектөө мөөнөтү бүткөндөр.

"Калганы жарым мөөнөтү калгандар. Биринчи топтогулар чыгарылат, бирок процедуралык маселелер бүтө элек. Ал эми экинчи топтогулар боюнча жакынкы күндөрү Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси Медетбек Айдаралиев Россиянын ички иштер министри менен жолугушууда сүйлөшөт", — деди Сартбаев.

Анын айтымында, ушул жылдын башынан бери ар кандай себептер менен "кара тизмеден" төрт миң кыргызстандык чыгарылды.

"Кара тизмеден" чыгууга аракет кылган жарандар Мамлекеттик миграция кызматына арыз менен кайрылышы керек. Бирок Сартбаев кошумчалагандай, аталган тезмеге соттун чечими менен илинип калгандардын арызы каралбайт. Ал эми Россиянын ИИМи тарабынан киргизилген жарандардын жардам суроо укугу бар.

Эмгек мигранттары "кара тизмеден" кантип чыга алат
Белгилей кетсек, быйыл Россия федерациясы Тажикстан менен Молдованын "кара тизмеге" кирген мигранттарына карата бир мунапыс жарыялаган.

Ага ылайык, Россияда мыйзамдуу эмгектенүүнү каалаган тажик жарандары 25-марттан 24-апрелге чейин азыр берүүсү зарыл.

Молдовалыктар болсо орус жергесинде мыйзамдашуу үчүн 1-марттан 12-майга чейин азыр бере алышат.

Ал эми Россиядагы кыргыз элчилигинен билдиришкениндей, кыргызстандык жарандар ЕАЭБге мүчө өлкөнүн жарандары катары буга илинбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0