Россияда мигранттардын балдары үчүн атайын окуу китептер чыкты

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүОрус тил сабагындагы окуучу. Архив
Орус тил сабагындагы окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мигранттардын балдары тилдик жана психологиялык тоскоолдукка туш болбошу үчүн атайын окуу программасы иштелип чыккан.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Россия элдеринин достугу университети атайын мигранттардын балдары үчүн иштелип чыккан орус тил боюнча окуу китебин сунуштайт. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мигранттардын балдары билим алууда тил жагынан, андан соң психологиялык тоскоолдукка кабылышат.

"Мындай маселелерди чечүүдө мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү жайларында орус тилинде атайын адабият иштеп чыгуу системасы талап кылынат", —деп жазылат маалыматта.

Окуу жайдын билдирүүсүнө ылайык, Россияда азыр ушул сыяктуу пилоттук программа иштеп жатат. Ар түрдүү категориядагы мигранттар жана алардын балдары үчүн Россияда билим алууга жана көнүүгө ыктоо максатында окуу-методикалык китептер иштелип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0