Екатеринбургда бекинип алган мигранттардын чоо-жайы белгилүү болду

© Sputnik / Алексей Владыкин / Медиабанкка өтүүСотрудники милиции проверяют документы и грузы на рынке Екатеринбурга
Сотрудники милиции проверяют документы и грузы на рынке Екатеринбурга - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор Азия мамлекеттеринин келген он жаран убактылуу кармоо жайындагы бөлмөнүн эшигин ачпай, аларды Россиядан чыгарбоону суранышкан.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Екатеринбургдагы убактылуу кармоо жайында каршылык акциясын уюштурган чет элдик жарандар 10 ирет сот жообуна тартылганын РИА Новости агенттиги Свердлов облусунун ИИМинин маалымат кызматынын жетекчиси Валерий Горелыхга шилтеме берип билдирди. 

Эске салсак, 23-февралда убактылуу кармоочу жайдагы мигранттар аларды депортациялоо чечимине каршы чыгып, бөлмөнүн эшигин бекитип алышкан.

"Полиция кызматкерлери мигранттар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алар эшикти өздөрү ачты. Алдын ала маалыматтар боюнча алардын арасында буга чейин Россиянын кылмыш жаза кодекси боюнча соттолгондор дагы бар. Айрымдары киши өлтүргөн. Каршылык акциясын уюштурган киши мүлк боюнча он жолу соттолгон. Ал өзүнүн билегин тытып салгандыктан медициналык жардам көрсөтүлгөн", — деди Горелых.

Каршылык акциясына катышкандардын арасында Өзбекстандын, Тажикстандын, Казакстандын жана башка чет элдик жарандар болгон. Прокуратура тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0