КР Россиянын "кара тизмесиндеги" жарандарынын санын кыскартууну өтүндү

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүЦентр содействия мигрантам в Волгограде
Центр содействия мигрантам в Волгограде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАЭБге кирүү менен эмгек мигранттары мекенине көбүрөөк каражат жиберип, Россияда иштегендер квалификациялык кесиптерди аркалашууда.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Вице-премьер Олег Панкратов Россия парламентинин өкүлдөрүнө кайрылып, "кара тизмедеги" кыргызстандыктардын санын кыскартууну өтүндү. Мындай сунуш "Россия — Кыргызстан: келечекке карай өнөктөштүк" аттуу эл аралык конференцияда айтылды.

Панкратов Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү менен эмгек мигранттарынан келген акча көбөйгөнүн, ал эми Россияда иштеген мекендештер квалификациялык орундарда эмгектенип жатышканын белгиледи.

"Бул жерде Россия Мамдумасынын өкүлү отурат. Тилекке каршы, "кара тизме" деген бар, ага майда тартип бузгандар да кирип калган. Россия тараптан адилеттүү чечим чыгарылышын өтүнөт элем", — деди Панкратов.

Конференцияга РФ парламентинин депутаттары, Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрү, эксперттер катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0