Чет жерде ишке орношуу: кыргызстандыктар үчүн мобилдик тиркеме чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековМобильное приложение "Справочник мигранта"
Мобильное приложение Справочник мигранта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымдама тиркемеси Android колдонуучулары үчүн жеткиликтүү болуп, аны Play Market аркылуу бекер жүктөп алса болот.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстанда "Мигранттын маалымдамасы" деген мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын маалымат катчысы Айсулуу Исабекова билдирди. 

Анын айтымына караганда, тиркемеде жакынкы чет өлкөлөр менен Евразия экономикалык бирикмесиндеги мамлекеттерге барып ишке орношуу үчүн керектүү маалыматтардын бардыгы камтылган. Тиркеме Android колдонуучулары үчүн жеткиликтүү болуп, аны Play Market аркылуу бекер жүктөп алса болот. 

"Акырындык менен бул тиркеме бардык мобилдик колдонуучуларга жеткиликтүү боло баштайт. Маалымдамада Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчиликтеринин байланыш номерлери жазылган. Мындан тышкары, мигранттар Россиянын кара тизмесинен өздөрүн текшере алышат", — деди Исабекова. 

Тиркеменин бет ачары 24-январда өтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0