11:35 18 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Түрк полиция кызматкери Стамбулда жаранды текшерүү малы. Архивдик сүрөт

Түркиядагы мекендештер: такталбаган маалыматтар абалды курчутушу мүмкүн

© AP Photo / Halit Onur Sandal
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
Расул Үсөналиев
Стамбулдагы “Санта Клаустун” чабуулу (21)
35720

Стамбулдагы Reina түнкү клубунда белгисиз бирөө 31-декабрда автоматтан ок чыгарып, 39 кишинин өмүрүнө забын болду. Бул кылмышты кыргызстандык жаран жасашы мүмкүн деген маалыматтар дүйнөлүк ЖМКларга чыгып кеткен.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Жаңы жыл түнү 39 адамдын өмүрүн алган террордук актыны кыргызстандык Яхье Машрапов жасашы мүмкүн делген маалымат тарап кеткен. Анда Кыргызстандын паспорту бар адамдын сүрөтү дүйнөлүк ЖМКларда көрсөтүлгөн. Ага карата Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү да үн каткан.

КР Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев бардык материалдар УКМКга өткөрүлгөнүн айтса, УКМКнын маалымат кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов алар Түркиянын атайын кызматы менен тыгыз байланышта экенин белгилеген.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовдун айтымында, Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырым "туура эмес маалыматтарды бербегиле" деп айткан.

"Согушкердин улуту азырынча белгисиз. Аны "кыргыз" деп жазып жаткан маалыматтар чындыкка жатпайт. Бул боюнча Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырым дагы "жалган маалымат таркатпагыла" деп кайрылуу жасады", — деди элчи.

ЖМКларга чыгып кеткен мындай терс маалыматтар Түркияда жашап, иштеп-окуп жаткан кыргызстандыктарга кандай таасир тийгизип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

Аталган мамлекетте иштеп жаткан Тынчтыкбек Турдубеков акыркы окуялар боюнча пикирин билдирди.

"Бир кыргыз келип түрктөргө душмандык кылганын уга элекмин. Жанына күч келсе деле кыргыздар андайга барбайт. Reina түнкү клубундагы терактыга кыргызстандык жарандын тийиштиги бар деген маалыматты ЖМКлардын сенсация кылып апыртуусу деп эле түшүндүм. Себеби, маалымат такталган эмес. Алар мындай сенсациялары менен коомчулуктун көңүлүн бурдургусу келет", — деди ал. 

Турдубеков ошондой эле окуядан кийин аларга карата кандайдыр бир кысым болгонун деле байкабагынан айтты. 

"Мага кысым болуп жатат" деген деле тааныштарды кезиктиргеним жок", — деди ал.

Түркияда иштеп жаткан Муратбек Тажыбаев мындай маалыматтын чыгышы алгач тынчсыздандырууну жаратканын айтты.

"ЖМКлар маалыматты тактап туруп берсе жакшы болмок. Мындай терс нерседен кыргыз-түрк мамилесине дагы доо кетип жатат. Чындыгында түнкү клубда террорчулук кылган кишинин ким экенин атайын органдар аныктап чыгат деп ойлойм", — деди ал.

Жеке ишкер, Анкарада саясат изилдөө боюнча магистратураны терроризм боюнча жактаган Темирлан Сарлыкбек уулу террористтин дини, улуту болбой турганын айтты.

"Стамбулдагы нааданча кол салууну Кыргызстан менен байланыштырганга аракет кылгандар террорчулардын максаттарына ылайык кызмат кылышууда. Себеби, ар бир террордук кол салуунун белгилүү максаттары болот. Мындай аракеттерди кооптуу абал жаратуу менен башка максаттарга умтулуу десек болот", — деди ал.

Сарлыкбек уулу ошондой эле акыркы бир жылдан бери Түркиядагы террордук кол салууларда Кыргызстандын аты максаттуу түрдө ашыкча кайталанып, Кыргызстан менен Түркиянын мамилесин солгундатууга багытталган аракеттер башталганын баса белгиледи.

Кыргыз паспортунун беделин түшүргөн фактылар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Тема:
Стамбулдагы “Санта Клаустун” чабуулу (21)

Тема боюнча

ЖМК: Стамбулда теракт жасоого кыргызстандык жаран шектелип жатат
Стамбулдун клубунда тирүү калган жаран: мага ок чыгарса дагы кыймылдаган жокмун
ЖМК: Стамбулдагы террористти издөөгө багытталган операция ишке ашпай калды
Белгилер:
террорчу, кол салуу, мигранттар, Яхье Машрапов, Түркия

ЭҢ МААНИЛҮҮ