ИИМдин Москвадагы өкүлү: элчилик кыргыздарды полицияга салып берген жок

© Фото / Мээрим СейдалиеваМосквадагы Кыргызстандын элчилигинин алдындагы полиция кызматкерлери
Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин алдындагы полиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактарда Москвадагы Кыргызстандын элчилиги чогулган кыргыздарды полицияга салып берүүдө деген маалымат тараган.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Россия полициясы мыйзам бузууларды алдын алуу максатында элчиликтин алдына келген. Бул тууралуу ИИМдин Москва шаарындагы өкүлү Аскат Алиев Facebook баракчасына билдирди. 

Эске салсак, социалдык тармактын колдонуучулары Москва шаарындагы Кыргызстандын элчилигинин алдына ОМОНдор чогулуп, имараттын алды темир тосмолор менен тосулганын жазышкан. 

"Россия полициясы коомдук тартипти сактоонуу камсыз кылуу, ар кандай мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин алдына келип, тиешелүү процедураларды жасашты", — деп жазган Алиев.

Ал учурда элчилик өз жарандарын полицияга кармап берүүдө деген туура эмес маалыматтар кетип жаткандыгын айтып, полицияга көрсөтмө берүүгө алардын укугу жоктугун кошумчалайт.

"Уюштурган адамдардын ким экендигин тактоо максатында төрт кыргыз жараны полиция тарабынан кармалып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң бошотулду. Ал жактан чыккан соң жигиттер элчиликке келип, миграциядагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча жай отуруп сүйлөшүп кетишти", — дейт ИИМдин өкүлү.

Алиев Россияда экстремизм, терроризмге каршы катуу күрөш жүрүп жаткандыктан, элди мыйзамсыз топтоо туура эмес экендигин кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0