Кубат Оторбаев россиялык кесиптеши менен КР жарандарынын укугун коргомой болду

Жазылуу
Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым өкүлүнүн айтымында, келишим төрт багыт боюнча түзүлдү.

БИШКЕК, 8-ноя.— Sputnik. КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев Москвага болгон иш сапарында Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууга боюнча келишимге кол койду Бул тууралуу КР Акыйкатчынын маалымат кызматы билдирди.

"Бүгүн биз үчүн маанилүү күн. Анткени Кыргызстандын Акыйкатчысы менен биринчи жолу эки институттун мындан аркы алакасы боюнча келишимге кол коюп жатабыз", — деди Москалькова.

Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым өкүлүнүн айтымында, келишим төрт багыт боюнча иш алып барат. Алар: Россияда жашаган кыргызстандыктардын жана Кыргызстанда жашаган росиялыктардын укуктарын коргоо, маалымат алмашуу жана эл аралык кызматташууну өнүктүрүү болуп эсептелет.

"Биз кол койгон келишим эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө эшик ачып берет деген ойдомун", — деди Оторбаев. 

Акыйкатчы келишим эки өлкөдөгү жарандарын укугун жана эркиндигин чечүү жаатында жакшы жөрөлгө болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0