Кыргызстанга келген чет элдиктер милдеттүү түрдө каттоодон өтөт

© пресс-служба ГРС при ПКРПроверка работы северного филиала Центра обслуживания населения в городе Бишкек
Проверка работы северного филиала Центра обслуживания населения в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш жумушчу күндөн ашуун Кыргызстанда жүргөн чет элдиктер каттоодон өтүүгө милдеттүү болот. Эреженин 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүү тууралуу келишимге кол коюлган Россиянын жарандарына тиешеси жок.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстанга келген чет элдик жаран өлкөдө беш күндөн ашык жүрсө каттоодон өтүүгө милдеттүү болорун КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Паспорт Кыргызской Республики. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
РФке кирүүгө тыюу салынган жаранга башка кишинин маалыматы менен паспорт берилген
Мындай эреже "Тышкы миграция тууралуу" мыйзамынын 4-ноябрдан тарта иштей башташына байланыштуу киргизилип жатат. Каттоодон Кыргызстан визалык, жөнөкөйлөштүрүлгөн жана визасыз режим түзгөн мамлекеттин өкүлдөрү өтүшү зарыл. Эреженин 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүү тууралуу келишимге кол коюлган Россиянын жарандарына тиешеси жок.

Министрлик Кыргызстанда 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүү боюнча келишим эми Казакстан менен түзүлгөнү жатканын белгиледи. 

"Мыйзамга ылайык, өлкөгө 4-ноябрда кирген чет элдиктер каттоодон бошотулат. Андан кийин келгендер каттоодон өтө баштайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Чет элдик жарандарды Калкты жана жарандык абалды каттоо департаментинин аймактык органдары алардын жашаган жери боюнча каттайт. Мында паспорт же жарандыгын тастыктаган документ, мамлекеттик пошлинаны төлөгөндүгү тууралуу квитанция талап кылынат. Мыйзам бузган чет элдик жаран 10 миң сомдук айыпка тартылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0