Кезек күткөн мигранттар, жетишпеген консулдар…

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКезекте турган мигранттар, архив
Кезекте турган мигранттар, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы учурда айрым мигранттар Кыргызстандын кээ бир консулдук кызматтарына нааразы болгондорун коомчулукка билдирүүдө. Мигранттын талабы жана консулдук кызмат тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги иликтөө жүргүздү.

Учурда чет өлкөлөрдө Кыргызстандын 26 элчилиги бар, анын ичинде 38 консулдук мекеме иштейт.

Сырттан жүргөн мигранттар көп иштерин консулдуктар аркылуу чечип, укуктарын коргошу керек. Бизге кеп тарткан жарандар, чет жердеги дипөкүлчүлүктүр бул милдетти аркалай албай жаткандыгын айтты.

Россияда 

Кыргызстандык Таалай Базарбаев аттуу жаран Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенине карабай Россиядагы мигранттардын укуктары тепселенип, азыркыга чейин ЕАЭБдин жеңилдиктери аткарылбай келерин белгилейт.

Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигранттар 7 ай ичинде 1 млр. доллардан ашык акча жөнөткөн
Анын айтымында, Бажы келишимине ылайык кыргыз мигранттары Россиянын аймагында каттоосу жок бир ай жүрө алат. Бирок бул мыйзам ишке ашкан эмес. 

"Байкем Россияда иштеп жүрүп көп кыйынчылыктарга кабылды. Россия полициялары кыргыз мигранттарын көрсө эле алардын келгенине бир ай толо элегине карабай дароо чараларды көргөнүн токтоткон жок. Депортация же дагы башка аракеттерди кылат. Кыргызстандын консулдуктары ушундай учурда мекендешинин укугун коргогонго убактысы жок. Анын ордуна элчиликти, консулдукту бизнес ишкана кылып алгандар отурат. Каттоо, уруксат кагаз, медициналык китепче жана башкаларды жасашат. Ошондой эле авиабилеттерди сатат", — деди Базарбаев.

Түркияда

Ушундай эле терс пикирин Түркияда иштеп келген Бакыт Мырзабеков Стамбулдун консулдугуна карата да билдирди. Анын айтымында, бул мекемелерде жаранга жардам берүүнүн ордуна бири-бирине шылтаганды адатка айлантышкан.

"Мен бир досумдун Түркияда айлык маянасын ала албай калганын көрүп ага жардам берүүнү чечтим. Алгач Стамбулдагы консулдукка кайрылып, маселени түшүндүрдүм. Алар Анкарадагы элчилик карайт дешти. Анкарадагы элчилик менен байланышсам алар дагы тиешелүү кызматкерлер иш-чаралардан бошобой жатканын айтып көйгөйдү чечүүдөн баш тартып коюшкан. Ошентип, акчасын ала албай калган мекендешим томсоруп кала берди", — деди Мырзабеков. 

Казакстанда

Бул арыз-армандарды уккан соң мигранттар көбүрөөк жүргөн Алматыдагы консулдук боюнча маалымат алдык. 

Казакстандагы мигранттар менен тыгыз иш алып барган укук коргоочу Айбек Жаныбаев Алматыдагы консулдуктун буга чейинки иштерин сынга алды. 

Басып бараткан кишилердин өтүгү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Дагы бир суук кабар. Россияда иштеп жүргөн мигрант аялды "патриоттор" өлтүрдүбү?
"Мен диаспорада иштеп калдым. Кулчулукка түшкөн, документтерин ала албай калган, ар түрдүү маселелерге туш болгон кыргыз жарандары консулдуктан чече албай калган арыздары менен бизге кайрылар эле. Мурда Алматыда Чыңгыз Убукеев деген башкы консул бар болчу. Ага көп адамдар нааразы болгондуктан кол чогултуп, арыз жазып президентке кат жөнөткөнбүз", — деди Жаныбаев.

Мындан сырткары, башкы консулга каршы маалымат жыйын өткөрүлгөндөн кийин 15 күндүн ичинде ал киши кызматтан бошотулган.

"Андан кийин Гүлнара Балтабаева деген консул келип жакшы иштеп, эл менен жакын болууга аракет кылды. Жакында эле Алиясбек Алымкулов башкы консул болуп барды Алматыга. Анын иши азыр кандай жүрүп жатат, баа бере албайм. Бирок аларга сунуштарым бар", — деп кошумчалады укук коргоочу.

Анын айтымында, учурда Алматы шаарында консулдукта беш гана адам иштейт. Алар мигранттардын баарын өз убагында кабыл алганга жетишпейт. 

Ал белгилегендей, Алматы шаарындагы Башкы консулдуктун аймагына 3 облус кирет. 

Консулдук кызмат эмне дейт? 

Мындай пикирлерден кийин КРдин Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментине кайрылдык. 

ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин катчысы Алмаз Букалаевдин айтымында, учурда Россияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 570 миңдин тегерегинде. Анын ичинен 250-300 миңге чейин мигранттар Москва шаарында жана Москва облусунда жашайт.

"Салыштырып көргөндө аталган сан Нарын облусунун калкынын саны менен барабар. Кызматкерлер бардыгына жетишпейт. Иштин көлөмү чоң жана татаал. Бир эле адамдын паспорту жоголсо, анын документтерин тактоого бир топ убакыт талап кылынат. Москва шаарында бир күндө эле 100дөн ашык арыз түшөт. Анын ичинде паспорт жоготкондор, документ алмаштыргандар, укуктары тебеленгендер, кирип-чыгуу үчүн жарандыкты тастыктаган документтер жана башка ушул сыяктуу көйгөйлөр менен кайрылышат", — деди консулдуктун өкүлү.

Учурда Москва шаарында консулдукта алты дипломат, бир юрист бар. Жалпысынан мекемеде болгону 10дун тегерегинде адам иштейт. Маалыматка ылайык, Россияда башкы консулдук Екатеринбург, вице-консулдук Новосибирск шаарларында жайгашкан. Мындан сырткары, элчиликтин алдында үч кеңсе ачылган. 

Консулдуктар эртең менен саат 9дан 13:00гө чейин жарандардын арыздарын, документтерин кабыл алат. Түшкү тамактануудан соң саат 14:00дөн 16:00гө чейин тапшырылган маалыматтар каралып, иштелип чыгат. 16:00дөн 18:00гө чейин жарандарга даяр болгон документтер берилет. Мындан сырткары, укук коргоо маселеси боюнча адис 9:00 дөн кечки 18:00гө чейин тынымсыз кабыл алат. 

Букалаев Москванын консулдук кызматынан жакында эле Кыргызстанга которулуп келгендигин айтты. 

"Мен Москвада консулдук кызматта 4 жыл иштеп келдим. Мекендештер ар түрдүү маселелер менен кайрылат. Кээ бир учурда кыз-жигиттер урушуп кетсе, аялы менен күйөөсү ажырашып жатса, сумкасын уурдатып ийсе же дагы ушул сыяктуу башка органдарга тиешелүү маселе менен келген учурлар көп болот. Жөнөкөй тил менен түшүндүргөндө Россиядагы кыргыз жарандары башына түйшүк түшкөндө эң биринчи эле консулдукту эстейт. Укук коргоо органдарына, прокуратурага кайрылуунун ордуна бизге келип ата-энесин көргөндөй арызданышат. Алардын ар бирине маселенин чечүү жолдорун түшүндүрүп берип, көмөк көрсөтүүгө, укуктарын коргоо үчүн болгон аракеттерди көрөбүз", — деди Букалаев.

Вице-премьер Жеңиш Разаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер Разаков Санкт-Петербургдагы мигранттардын муңун укту
Мыйзам боюнча кайсы бир өлкөнүн жараны башка чет өлкөгө барса ошол өлкөнүн жарандарындай эле укуктарга автоматтык түрдө ээ болот. Кимдир-бирөө мүлкүн тартып алса, иш бергендер мигранттын укуктарын тебелесе жана башка ушул сыяктуу мыйзам бузуулар болгондо түз эле укук коргоо органдарына кайрыла алат. Бирок Кыргызстандын жарандарынын көпчүлүгү негедир ал органдарга өз алдынча баруудан тартынышат.

"Айрым учурда бизге кайрылган замандаштар менен сүйлөшүп жатып, маселесин угуп, аларга керектүү багыттарды көрсөтүүгө аракет кылам. Бир нерсени түшүндүрүп, тиешелүү документтер болмоюнча маселелер чечилбей турганын айтып жатканда, айрымдары бизди уккулары келбей эле кыйкыра башташат", — деди Букалаев. 

ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин катчысы Азат Береналиев белгилегендей жарандар көп учурда өздөрүнө өздөрү көйгөй жаратып алат. Алар бирөөгө кор болбоосу үчүн мыйзамдарды жакшылап өздөштүрүүсү зарыл. Россия, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдө мигранттар көбүнесе эмгек келишимдерин түзбөстөн иштеп, айлык акыларын ала албай же ушул сыяктуу түйшүктөргө кабылып келишет. 

"Бир күнү мекендешим консулдукка келип, айлык маянасын ала албай жаткандыгын айтты. Биз иш берүүчү тарапка барып, мыйзамды көргөзүп маянасын алып бердик. Мындан кийин "эмгек келишими жок иштебе" деп эскерткен элек. 2-3 ай өтпөй эле ошол жигит кайра айлык маянасын алуу үчүн жардам сурап келди", — деди Береналиев. 

Аталган кызматтын өкүлдөрүнүн сөздөрүн уккан соң Facebook баракчасында жүргүзүлгөн сурамжылоого көз чаптырдык.

Анда Түркия, Германия, Австралия сыяктуу чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандары бир катар ойлорун билдиришти. Көпчүлүгү өздөрү чет өлкөгө кетерде кабылган тоскоолдуктарын белгилеп, Кыргызстандагы айрым чет элдик консулдуктарга нааразы экенин жазышкан. Муну менен бирге консулдуктун ишине ичи чыккандар да бар экени белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0