Вице-премьер Разаков Санкт-Петербургдагы мигранттардын муңун укту

Жазылуу
Жолугушууда Россиянын аймагында жашап жаткан мигранттардын укуктарын коргоого байланыштуу бир катар маселелер талкууланды.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Вице-премьер Жеңиш Разаков Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эмгек мигранттары, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер Разаков Санкт-Петербург башчысы менен кара тизме маселесин талкуулады
Жолугушуунун жүрүшүндө Россиянын аймагында жашап жаткан Кыргызстан жарандарынын укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоого байланыштуу бир катар маселелер талкууланды.

Мындан тышкары Разаков мекендештерге өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан миграциялык саясат тууралуу маалымат берди.

Разаков буга чейин Санкт-Петербург шаарынын губернатору Георгий Полтавченко менен аймак аралык кызматташуу жана мигранттар түшүп калып жаткан кара тизме маселесин талкуулаган.

Вице-премьер Полтавченкого кара тизменин кыскартылышына карабастан кыргызстандык жарандардын саны көп бойдон калып жатканын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0