08:04 18 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9922
  • RUB1.0933
Россиядагы мигранттар. Архивдик сүрөт

Россиядагы 240 миң кыргызстандык "кара тизмеге" кириши ыктымал

© Sputnik / Андрей Стенин
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
618 0 0

Мигранттарга Россиянын босогосун аттаар алдында каттоодон өтүп, менен эмгек келишимдерин тактап алуу сунушталат.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Россияда 240 миң кыргызстандык миграциялык мыйзамдарды бузуп жатканын Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Асанбаев журналисттерге билдирди.

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн Эмгек, миграция жана социалдык коргоо кеңешинин өтүп жаткан жыйынына катышкан Асанбаев миграция боюнча мыйзамдардын бузулушу тууралуу айтып берди.

"Бир бөлмөлүү батирде 5-6 адам жашайт. Жергиликтүү тургундар арызданып, укук коргоо органдары мыйзамсыз жашагандарды аныктап жатат. Бул Федералдык миграция кызматынын "кара тизмесине" кирүүнүн биринчи себеби. Экинчиден, мигранттар менен жумуш берүүчүнүн ортосунда келишим түзүлбөгөндүктөн мамлекетке салык төлөнбөйт. Үчүнчүдөн, мигранттар күчүн аз акчага сунуштап эмгек рыногуна терс таасирин тийгизип жатышат. Буга байланыштуу өлкөнүн босогосун аттаар алдында каттоодон өтүп, эмгек келишимди тактап алуу керек. Антпесе башка кадамдар мыйзамсыз деп эсептелинет", — деп билдирди Асанбаев. 

Ал Россияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны арбын экенин белгиледи.

"Бүгүнкү күндө 240 миңге жакын кыргызстандыктар миграция мыйзамына ылайык мамлекетке салык төлөшпөйт. Анткен менен биз Россия бийлигинен биздин жарандарды "кара тизмеге" киргизбөөнү өтүнүп жатабыз", — деп билдирди төраганын орун басары.

Асанбаевдин маалыматы боюнча алгач "кара тизмеге" 194 миң кыргызстандык түшкөн. Алардын 70 миңи тизмеден кайра чыгарылган. Жакынкы аралыкта Россия тарап мигранттардын дагы бир канчасына мунапыс берилерин билдирген. Бирок соттун чечими менен өлкө аймагына кирүүгө тыюу салынган жарандарга жардам берүү мүмкүн болбой калды. Алар бир гана апелляция жолу менен акталып чыга алышат. 

"Кара тизме" 2014-жылы түзүлүп, ага Россиянын мыйзамдарын бузган мигранттар түшө баштаган. 

Эмгек мигранттары "кара тизмеден" кантип чыга аларын Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>>

Тема боюнча

Кыргыз аткаминерлери мигранттардын маселесин чечүү үчүн Россияда жүрүшөт
Атамбаев Путинден "кара тизмеден" 120 миңдей КР жаранын чыгарууну өтүндү
Белгилер:
кара тизме, миграция, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ