Сооронбай Жээнбеков: мигранттардын негизги үч көйгөйү бар

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында эле 119 миӊ мекендешибиз "кара тизмеге" кирип калганын кошумчалады.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Учурда эмгек миграциясы жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү чаралары көрүлүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ЖКдагы өкмөт сааты учурунда сүйлөп жатып билдиргендигин парламенттин маалымат кызматы кабарлады. 

Өкмөт башчынын айтымында, мигранттардын негизги үч көйгөйлүү маселеси бар. 

"Биздин жарандарыбыз жумуш берүүчү жак менен эмгек келишимин түзбөй эле иштей беришет. Ошондон улам жумуш берүүчүлөр алардын эмгек акысын төлөбөй койгон учурлар арбын. Андан сырткары, эмгек мигранттарынын "кара тизмеси" да көптөгөн тоскоолдуктарды жаратууда", — деди өкмөт башчы.

Казахстан менен Кыргызстандын чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанга барган КР жарандарынын каттоо мөөнөтүн узартуу каралууда
Премьер-министр 2016-жылдын биринчи жарымында эле 119 миӊ мекендешибиз "кара тизмеге" кирип калганын, ал эми 2014-2016-жылдар аралыгында өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 54 миӊ эмгек мигранты "кара тизмеден" чыгарылганын белгиледи. Ал азыр эмгек миграциясы жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү чаралары көрүлүп жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеӊеште өкмөттүк саат уланууда.

Эмгек мигранттары "кара тизмеден" кантип чыга алат экенин Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0