Казакстанга барган КР жарандарынын каттоо мөөнөтүн узартуу каралууда

© Sputnik / Табылды КадырбековКазахстан менен Кыргызстандын чек арасы. Архив
Казахстан менен Кыргызстандын чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын мыйзамы боюнча өлкө аймагына кирген кыргызстандыктар беш күндүн ичинде каттоодон өтүүсү керек.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Казакстанда кыргыз жарандарын каттоо мөөнөтүн 30 күнгө чейин узартуу каралууда. Бул тууралуу ИИМдин Россиядагы өкүлү Улукбек Балагазиев Астана шаарында кыргызстандыктар менен жолугушуу учурунда билдирди. 

Анын айтымында, ушул тапта эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 

"Бүгүнкү күндө Казакстанга барган кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрү арбын. Алардын бири — мигранттардын беш күн ичинде каттоодон өтүүсү. Учурда эки тараптуу сүйлөшүү менен каттоо мөөнөтүн 30 күнгө узартуу каралууда. Жакынкы айларда маселе чечилип калат", — деди Балагазиев. 

Белгилей кетсек, ИИМ, Миграция кызматынын өкүлдөрү жана бир канча эксперттер Казакстанда өтүүчү жыйынга жөнөп кетти. Аталган жыйын бүгүн Астана шаарында өтөт. 

Эске сала кетсек, Казакстандын жарандары Кыргызстанда каттоодон өтпөй 30 күнгө чейин жүрө алышат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0