Москвада энелери таштап кеткен 5 ымыркай Кыргызстанга алып келинди

Жазылуу
Элчилик ымыркайлар ар мезгилде ташталганын белгилейт.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Москва шаарында кыргызстандык кыз-келиндер төрөт үйлөрүнө таштап кеткен беш ымыркай республикага кайтарылды. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара аталган элчилик менен Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан ишке ашырылган.

"Бул балдар ар кандай учурларда Кыргызстандын жарандары болуп саналган энелери тарабынан Москва шаарынын ар кайсы төрөт үйлөрүндө жана атайын адистештирилген балдар үйүнө ташталган", — деп айтылат билдирүүдө. 

Элчилик балдар мекенине келери менен аталган министрлик тарабынан атайын мектепке чейинки балдар мекемелерине жайгаштырыларын белгилейт. Андан соң балдардын кийинки тагдыры чечилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0