Иш издеп бирөөнүн паспорту менен Казакстанга аттанган аял чек арадан кармалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Акжол-автодорожный" өткөрүү пункту. Архив
Акжол-автодорожный өткөрүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиешелүү документтер толтурулган соң, кармалган жаран ИИМге өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Казакстанга иштөө үчүн бара жаткан 26 жаштагы келин чек арадан кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кечээ, 1-август күнү "Акжол-автодорожный" өткөрүү пункту аркылуу башка бирөөнүн паспорту менен Казакстанга өтүүгө аракет кылган. 

"Кармалган жаран тууганынын паспорту менен чек арадан өтүп, Казакстанга иштөө үчүн бара жатканын түшүндүргөн", — деп айтылат маалыматта. 

Тиешелүү документтер толтурулган соң, ал ИИМге өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0