Кыргыздарга Японияда жумуш орундарын түзүү сүйлөшүлдү

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТокио шаары, Япония. Архив
Токио шаары, Япония. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адылов Япониянын парламент палатасынын өкүлү Хироюки Сонода менен жолугушту.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргыз жарандарынын кесипкөйлүгүн арттыруу максатында Японияда жумуш орундарын түзүү маселеси Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адыловдун Японияга болгон расмий иш сапарынын алкагында талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 11-июлда миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адылов Япониянын парламент палатасынын өкүлү Хироюки Сонода менен жолукту.

"Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында Адылов кыргыз тарап жарандарды Японияда иш орундары менен камсыз кылууга кызыкдар экенин билдирди. Ал эми Сонода өлкөгө жумушчу күч жетишпей жатканы менен иммигранттарга берилген квоталык чек жумушчуларды алууга бөгөт коюп жатканын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Бирок ошентсе да чет жактан келген жумушчу күчүнүн санын көбөйтүүгө аракеттер жүрүп жатканын белгилеген Хироюки Сонода кыргыз жарандарына шарт түзүүгө кол кабыш кыла турганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0