Кыргызстандык балдардын Россияга баруудагы көйгөйлөрү чечилет

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүМигранттын документтерин текшерип жаткан фмс кызматкери. Архив
Мигранттын документтерин текшерип жаткан фмс кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Кыргызстан менен Россиянын консулдук кызматтарынын жетекчилери жолугуп, эки өлкөнүн ортосундагы миграцияга байланыштуу маселелерди талкуулашты.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кыргызстандык балдардын Россияга кирүүсүн жеңилдетүү өтүнүчү КРдин Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директору Эркин Асангулов менен Россиянын консулдук департаментинин башчысынын орун басары Андрей Фролов менен жолугушуу учурунда айтылды. 

Анда эки өлкөнүн консулдук конвенцияларын ишке ашыруу, жарандарга жардам берүү маселелери каралып, эмгек мигранттардын көйгөйлөрү козголду. 

"Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы катары мигранттарды кара тизмеден чыгаруу каралды", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө табылган айрым каталардан улам Россияга алып барууда көйгөй жаралганы козголуп, Фролов бул россиялык тарап маселени чечүүгө көмөктөшөрүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0