Москвада 200 тигүүчү-мигрант кармалды

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүТигүүчү цех. Архив
Тигүүчү цех. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тигүү фабрикасынын аймагында дүйнөлүк бренддердин логотиби менен спорт кийимдери тигилип келген. Даяр болгон товар базарга чыгарылган.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Полиция кызматкерлери Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте Москванын түштүк-чыгышында жайгашкан мыйзамсыз иштеген фабриканы аныктап, 206 чет элдик мигрантты кармады. Бул тууралуу журналисттерге Россия Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк дүйшөмбү күнү билдирди.

Анын айтымында, Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар тигүү цехинде иштеп, дүйнөгө белгилүү бренддердин логотиби менен спорт кийимдерин тигип келишкен.

"Аймакта мыйзамсыз иштеген төрт ишкана аныкталган. Полиция бөлүмүнө өздүгүн тактоо жана кылмышка тиешелүүлүгүн аныктоо үчүн 206 чет элдик алып келинди. Россияда мыйзамсыз жүргөнү үчүн 108 мигрантка, ал эми мыйзамсыз иштегени үчүн 98 жаранга административдик протокол түзүлдү", — деди Волк.

Ишканаларды текшерүү маалында 500 тигүү жабдуусу, кездеме, логотиптин трафареттери жана даяр продукциянын 216 комплектиси табылган. Полициянын маалыматында, даяр товар базарга чыгарылган.

Ошол эле жерде жумушчулар жашоосу үчүн ыңгайлаштырылган бөлмөлөр аныкталган. 

Учурда аталган бизнестин негиздөөчүсү изделип жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0