Спикер Турсунбеков Санкт-Петербургда мигранттардын "кара тизмесин" кыскартууну көтөрдү

© пресс-служба ЖК КРЖогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков
Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков Питерге сапары учурунда кыргызстандык эмгек мигранттары туш болуп жаткан абал боюнча сөз кылган.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков РФ Федерация Кеӊешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолуккан учурда Кыргызстан жарандарынын Россиянын аймагына эркин кирип-чыгышына тоскоолдук жараткан "кара тизмени" кыскартуу маселесине бурду. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтык мамилелерди мындан ары да бекемдөө багытында баарлашты.

"Турсунбеков Россия менен Кыргызстан ортосундагы миграция маселелерин чечүүгө Матвиенконун кошуп жаткан салымын жогору баалай турганын белгиледи. Ошону менен бирге, ал өз маектешинин көӊүлүн Кыргызстан жарандарынын Россиянын аймагына эркин кирип-чыгышына тоскоолдук жараткан "кара тизмени" кыскартуу маселесине бурду", — деп айтылат маалыматта.

Мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спикер Турсунбеков: КР ЕАЭБге киргени менен эмгек мигранттар кыйналып жатат
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Санкт-Петербург шаарында буга чейин да РФтин Федералдык жыйынынын Мамдумасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолукканда кыргыз эмгек мигранттары тушуккан абал боюнча да сөз кылган.

ЖКнын спикери жетектеген депутаттардан турган делегация КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясынын 44-отурумуна жана "Евразиянын экономикалык келечеги" деп аталган эл аралык форумга катышып жатат. Санкт-Петербург шаарында кечээ башталган иш-чара бүгүн, 20-майда аяктайт.

Эмгек мигранттары "кара тизмеден" кантип чыга аларын Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0