Эми КР жарандары Индонезияда визасыз 30 күнгө чейин жүрө алышат

© AFP / ROMEO GACADДжакарта шаары, Индонезия. Архив
Джакарта шаары, Индонезия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечимди Индонезиянын өкмөтү 2016-жылдын 10-мартында кабыл алган.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстандын жарандары Индонезияда 30 күнгө чейин визасы жок жүрө алышат. Бул тууралуу КРдин Малайзиядагы элчилиги билдирди.

Кыргыз Республикасынын жаранын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан "күчтүү паспорт" рейтингинде 63-орунду ээледи
Мындай чечимди Индонезиянын өкмөтү 2016-жылдын 10-мартында кабыл алганы элчиликке атайы нота менен маалымдалган.

Индонезияга өзүнүн профессионалдык иштери менен барууну каалаган ЖМК өкүлдөрүнө визасыз режим иштебейт. Ошондой эле, мыйзамга ылайык, визасыз режимдин мөөнөтүн узартып, же аны башка визага алмаштырууга болбойт.

Индонезияга келген чет элдик жарандар бир гана эл аралык Сукарно-Хатта аэропорту аркылуу гана киргизилет.

Кыргызстандыктар визасы жок кайсыл мамлекеттерге бара аларын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0