ЖК депутаттары Лондондо кыргызстандык студенттер менен жолукту

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЛондон шаарындагы "Биг Бен" сааты. Архив
Лондон шаарындагы Биг Бен сааты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Демократия үчүн Вестминстердик фонду тарабынан уюштурулган.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары учурда WFD программасынын алкагында Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында жүрөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Демократия үчүн Вестминстердик фонду тарабынан уюштурулган. 

АКШдагы такси унаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШда зуулдата такси айдаган кыргыз кызы — Кайыргүл
Анын алкагында вице-спикерлер Нурбек Алимбеков менен Алтынай Өмүрбекова башында турган депутаттардын делегациясы Улуу Британиянын парламенттик системасы жана парламенттик комитеттин ишмердүүлүктөрү менен таанышып чыкты. Мында англиялык парламенттин калк менен иштешүү стратегиясы кызыгууну жаратты. 

Мындан тышкары, депутаттар 21-март Нооруз күнү Лондондо билим алган кыргызстандык студенттер жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугуп, алардын жашоо шарты, ишмердүүлүгү тууралуу маалымдар болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0