Миграция кызматы: КР жарандарынын көбү Түркияда ишке орноштурулган

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАнкара шаары. Архив
Анкара шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Миграция кызматынын алдындагы маалымат борбору жарандарга өлкө ичинде жана андан тыш — жакынкы жана алыскы чет өлкөдө жумушка орношууга жардам берет.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Былтыр кыргызстандык мигранттардын көбү Түркияда жумушка орношконун Миграция кызматынын алдындагы маалымат борбору билдирди.

Аталган борбор өлкөнүн ичинде жана андан тыш — жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө жумушка орношууну каалаган жарандарга маалыматтык жардам берет.

"Түркияда 1363 кыргызстандык иш менен камсыздалган. Россияда аталган борбор миңден ашуун жаранды жумушка орноштурду. Корея Республикасында 925, ал эми Араб Эмирлигинде 841 адам иштеп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Жалпы жонунан борбор 16,5 миң адамга маалыматтык жардам көрсөткөн.

Муну менен бирге 2015-жылдын январь айында Маалымат борбору Анкара менен кыргызстандык студенттердин Түркиядан практикадан өтүүсү жана КР жарандарынын жумушка орношуусу боюнча макулдашуу түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0