Якутиядагы кыргыз мигранттарынын балдары "Манас таануу" сабагын окушат

Жазылуу
Кыргызстандык жарандар айрым балдар эне тилин билбей өсүп жатканын айтышууда. Аталган сабак кыргыз тили жана маданиятын сактоого арналган.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Саха-Якутия республикасында жашап иштеген кыргыз мигранттардын балдары үчүн бүгүнтөн баштап "Манас таануу" сабагы өткөрүлө турганын "Замандаш" ассоциациясы билдирди.

Якутиядагы кыргыздардын "Манас" диаспорасынын төрагасы Данияр Буйгутуевдин айтымында, учурда Сахада 20 жылдан ашуун жашаган үй-бүлөлөр бар.

"Бизде эне тил, улуттук маданият, салт-санаа маселеси чынында курч турат. Балдарыбыз "Манас", "Семетей", "Сейтек" тууралуу билмек тургай, кыргыз тилинде сүйлөбөй калышты. Ушундан улам "Манас таануу" сабагын киргизүүнү туура көрдүк", — деди ал. 

Якутия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Якутияда өткөн сынакта кыргыз айымдары мыкты аталышты
Биринчи сабак кыргыз тили жана адабияты боюнча өткөрүлүп, танаписте улуттук аспаптар менен тааныша алат. Мындан тышкары улуттук оюндар ойнолмокчу. Ал эми экинчи сабакта комуз жана үйлөмө аспаптарда ойноону үйрөнүшөт. Ар бир сабактын аягында балдарга көркөм жана даректүү тасмалардын көрсөтүлүшү каралган. 

Диаспора бул сабактардын алкагында кыргыз тилин жана маданиятын сактоого багытталган бир нече иш-чаралар өтүлө турганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0