Казакстанда кулчулукка кабылган мигранттар Атамбаевден жардам сурап жатышат

Жазылуу
Кыргызстандыктар Казакстандагы КРдин Башкы консулдугунун ишине канааттанбайт. Алардын айтымында, Башкы консулдук алардын көйгөйлөрүнө кош көңүл мамиле жасайт.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Казакстанда иштеп жаткан кыргызстандыктар мамлекет башчысы Алмаз Атамбаевге кайрылуу жолдошту.

Кар тазалаган коммуналдык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таттуу кыял артынан кеткен мигранттардын тозок оту…
Дүйшөмбү күнү Казакстанда иштеп жүргөн мигранттар Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, Кыргызстандын Астанадагы Башкы консулдугунун ишине нааразы экендиктерин билдиришти.

Жабыр тарткан Нурбек Мадумаровдун айтымында, ал коңшу өлкөдө беш айга чукул эмгек кулчулугунда жүргөн. 2015-жылдын июль айында аялы жана үч баласы менен айына 60 миң теңге төлөп берем деген Казакстандагы жумуш берүүчүгө ишенип келген. Каттоо үчүн керек деп паспортторун алып койгон жумуш берүүчү аларга эч нерсе төлөп берген эмес.

"Мен кой кайтарсам, аялым уй саап, үй иштерине жардам берчү. Жумуш оор болгондуктан колуктум ара төрөп койду. Ушундан кийин үй ээси документтерди колума карматып, эч нерсе төлөбөстөн жолго салды. Мен Башкы консулдукка жардам сурап кайрылдым. Жардам беребиз деп, арыз жаздырып калышкан", — дейт Мадумаров.

Курулуш аймагындагы эмнек мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Учурда чет жакта 700 миң кыргызстандык мигрант иштеп жүрөт
Бирок, Башкы консулдук бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жардам кылбаганын айтып, көпчүлүк мигранттар Казакстанда өзүнө гана ишенип күн кечирерин белгиледи.

Укук коргоочу Айбек Жаңыбаевдин айтымында, Алматыда жашаган кыргыз жарандарынын кайрылуулары жоопсуз калат. Арыз менен кайрылгандардын бирөөнө дагы так жооп берилген эмес. Ал эми консулдукта иштеген кызматкерлердин орой мамилеси арбын нааразычылыктарды жаратат. Мекендештердин укугун коргоо боюнча жардам бериши керек болгон Кыргызстандын Казакстандагы Башкы консулдугу эмнеге эч кандай чара көрбөйт деп суроо салат Жаңыбаев.

"Нормативдик-укуктук кеңештер диаспоралардын эсебинен берилет. Биз бир канча жолу Алматыдагы консулдукка нааразычылык билдиргенбиз. КР ТИМдин маалымат кызматы башкы консулдуктун ишинен эч кандай кынтык таппагандыгын айтышууда. Бизди алар менен көзмө-көз жолуктуруп, беттештирүүсүн талап кылабыз", — дейт Жаңыбаев.

Москва шаарында жүргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Миграция кызматы: кыргызстандык мигранттардын агымы кыскарды
Маалымат жыйындын соңунда коңшу мамлекетте иштеген мигранттар өлкө президентине, Жогорку Кеңештин төрагасына жана премьер-министрге кайрылуу жасап, Казакстандагы Башкы консулдуктун кызматкерлерин алмаштырууну талап кылышты. Андан сырткары Алматыдагы дипломатиялык ведомствонун ишин атайын комиссия текшерүүгө алуусун талап кылышты.

КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы мекендештердин билдирүүсүнө тийиштүү жооп даярдалып жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0