Москвада аялды өлүмдөн алып калган кыргыз жигиттин үй-бүлөсү Ошто турат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМетро. Архив
Метро. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Метронун темир жолуна талмасы кармап жыгылган аялды куткарып калган кыргызстандык жигит 28 жаштагы Марат Исаев Россияга мындан тогуз жыл илгери кеткен.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Москвада метронун темир жолуна жыгылып түшкөн аялды полиция кызматкери менен кошо куткарып калган кыргызстандык Марат Исаев аталган шаарда тогуз жылдан бери жашап келет. Sputnik Кыргызстан кабарчысы баатыр жигит менен баарлашып, анын жашоо-турмушунан кабар алды.

Бейшемби күнү Москванын "Красносельская" метросунун станциясында талмасы кармаган Юлия Валь аттуу аял темир жолго кулап кеткен. Полиция кызматкери Артем Королюк менен бирге жабырлануучуну алып чыгууга кыргызстандык Марат Исаев да жардам берген

© из семейного архива Марата ИсаеваМосквада метронун темир жолуна жыгылып түшкөн аялды полиция кызматкери менен кошо куткарып калган кыргызстандык Марат Исаев апасы менен
1/3
Москвада метронун темир жолуна жыгылып түшкөн аялды полиция кызматкери менен кошо куткарып калган кыргызстандык Марат Исаев апасы менен
© из семейного архива Марата ИсаеваМарат аялы менен
2/3
Марат аялы менен
Марат кызы жана карындашы менен
3/3
Марат кызы жана карындашы менен
1/3
Москвада метронун темир жолуна жыгылып түшкөн аялды полиция кызматкери менен кошо куткарып калган кыргызстандык Марат Исаев апасы менен
2/3
Марат аялы менен
3/3
Марат кызы жана карындашы менен

Кыргызстандык жигиттин айтымында, ал кандайдыр бир эрдик жасадым деп эсептебейт.

"Кептин баары тарбияда да. Кыргыздарда улууга, аялзатына урмат бала кезден кулакка куюлат. Менин ордумда болгон башка киши деле ушинтсе керек", — дейт ал.

Исаев жакында куткарып калган аялдын ал-абалын суроо үчүн ооруканага барарын айтты. 

"Ден-соолугун билейин дедим эле, балким, ага кандайдыр бир жардам керектир. Кичине жакшы болуп калса, барып келем. Мага анын баш мээси чайкалганын айтышты", — деди жигит. 

Исаев Москвада тогуз жылдан бери жашай турганын, үч ирет жумушун алмаштыргандан кийин учурда дизайнерлик фирмада курьер болуп иштээрин айтып берди. 

© из семейного архива Марата ИсаеваМарат Исаев карындаштары менен
Гражданин Кыргызстана Марат Исаев, спасший упавшую на рельсы москвичку от наезда поезда. - Sputnik Кыргызстан
Марат Исаев карындаштары менен

"Бул жак мага абдан жагат, бирок үйүмдү, жеримди сагындым. Ошто төрт жашар кызым менен жубайым, ата-энем калган. Бирок азырынча Россиядан кете албайм", — дейт маектеш.

Анын айтымында, Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен жумушка орношуу, документация иштери бир топ жеңилдеп калды.

"Мурда ата-энеме салган акчам олуттуу жардам болчу эле, азыр аябай эле аз болуп калды. Жакшы болуп кетээр", — дейт Исаев.

Кыргызстандык жигит иштеген мекеменин менеджери Анастасия Дубровина жетекчилик Исаевди сыйлай турганын белгиледи.

"Биздин Марат баатыр болуп чыга келди. Биз аны менен абдан сыймыктанабыз! Эгер Ички иштер башкармалыгы өз кызматкерин сыйлоо жөнүндө ойлонуп жатса, биз эчак эле баарын чечип койгонбуз. Азырынча сыр кыла туралы", — деди кызматкер.

Буга чейин программист болуп иштеген Юлия Валь баш мээси чайкалган деген диагноз менен ооруканага жеткирилгени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0